Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 31-январы ПЖ № 17
2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө
Өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүктүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасында 2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) 2022-жылдын 1-мартына чейин Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасын иштеп чыксын жана бекитсин;
2) жогоруда көрсөтүлгөн Жол картасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин контролдоону жана координациялоону камсыз кылсын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |