Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 2-февралы ПЖ № 27
Э.Ж.Осконбаев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Осконбаев Эмиль Жолдошевич 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы болуп дайындалсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |