Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 25 Жарлыгына) |
Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 90, 2024-жылдын 23-январындагы ПЖ № 6 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын (мындан ары - кызматчылар), анын ичинде саясий жана атайын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн, эгерде алардын статусун регламенттөөчү мыйзамдарда башкасы каралбаса, мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтан стажын эсептөө тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажы деп мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн органдарда жана уюмдарда өтөгөн кызматынын жалпы узактыгы түшүнүлөт.
Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага ай сайын үстөк акыны төлөө үчүн иш стажы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасындагы маалыматтардын негизинде аныкталат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасындагы маалыматтардын негизинде үстөк акы зарылдыгына жараша белгиленет.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө менен байланышкан маселелерди талаптагыдай кароо максатында мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругу (тескемеси) менен эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия түзүлөт.
Эмгек стажын белгилөө боюнча комиссиянын курамы, ошондой эле анын иштөө тартиби мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.
Эмгек стажын белгилөө боюнча комиссиянын жыйналышы зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
Эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия төмөнкүлөрдү карайт:
- персоналды башкаруу кызматынын же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын сунушу боюнча иш мезгилдеринин ушул Жобонун 4-пунктунда белгиленген критерийлерге туура келиши менен байланышкан талаш маселелерди;
- ушул Жобонун 7-пунктунда каралган иштин (кызматтын) башка мезгилдерин мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажына киргизүү маселелерин.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасынан маалыматтарды колдонууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага ай сайын үстөк акыны төлөө үчүн иш стажы эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия тарабынан тиешелүү протоколдо мындай мүмкүнчүлүктүн жок болуу себептерин толук баяндоону көрсөтүү менен аныкталат.
(КР Президентинин 2024-жылдын 23-январындагы ПЖ № 6 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кызматчыларга иштеген жылдары үчүн ай сайын төлөнүүчү үстөк акыларды төлөө бул үстөк акыны алууга укук берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жалпы стажына жараша дифференциалдуу түрдө жүргүзүлөт.
4. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага ай сайын төлөнүүчү үстөк акыны алууга укук берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жалпы стажына төмөнкүлөр кирет:
- саясий, атайын, административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мезгил, ошондой эле саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген мезгил;
- аскер кызматында, укук коргоо кызматында жана дипломатиялык кызматта мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мезгил;
- аткаруучу-тескөөчү функцияларга байланышкан жана мурдагы СССРдин мамлекеттик бюджетинде турган партиялык, советтик, профсоюздук жана комсомолдук органдардын аппараттарында, министрликтерде, ведомстволордо, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген мезгил;
- аткаруучу-тескөөчү функцияларга байланышкан жана 1991-жылдын 31-августунан тартып 1999-жылдын 17-декабрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, администрациялык ведомстволордо, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген мезгил;
- мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жолдомосу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өтүү мезгили;
- 2016-жылдын 7-июнунан тартып убактылуу жок болгон мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын ордун ээлөө боюнча эмгек иши;
- СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мөөнөттүү кызмат өтөгөн мезгил;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринде, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине, Евразия экономикалык бирлигине катышкан өлкөлөрдүн катышуусу менен мамлекеттер аралык башкаруу органдарында, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрүндө жана мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрүндө, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана бирикмелердин башкаруу органдарында же аткаруу органдарында иштеген мезгил, эгерде кызматчыны ошол органдарда кызмат ордуна дайындоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же кызмат адамынын чечими менен жүзөгө ашырылса;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эмгек мамилелеринде турган кызматкерлерге баласы үч жашка чыкканга чейин бала багуу боюнча жарым-жартылай акы төлөнүүчү өргүүдө жүргөн мезгили.
5. Мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө кызматчынын иштеген мезгилинде колдонулган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын тийиштүү тизмектерине жана реестрлерине ылайык жүргүзүлөт.
Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызмат өтөө мезгилдери кызматчынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордунун кайсы категориясын ээлегенине карабастан мамлекеттик кызматтын, муниципалдык кызматтын стажына эсептелет.
Кызматчынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын стажына киргизилүүчү бардык кызмат өтөө мезгилдери суммаланат.
51.Бош жетекчилик кызмат ордун ээлөөгө талапкердин иш стажын эсептөөдө мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жетекчилик кызмат ордунда убактылуу жок болгон мамлекеттик жарандык кызматчынын жана/же муниципалдык кызматчынын ордун ээлөө боюнча анын иштеген мезгилдери мамлекеттик кызматтын жана/же муниципалдык кызматтын стажына жетекчилик кызмат орду катары эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 90 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Мамлекеттик кызматка же муниципалдык кызматка биринчи жолу кирген жана иш стажы жок адамдарга иштеген жылдары үчүн үстөк акы алууга укук берүүчү стаж, ушул Жобонун 7-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, жумушка (кызматка) кирген күндөн тартып эсептелет.
7. Мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта ээлеген кызмат орду боюнча кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн тажрыйба жана билим зарыл болгон башка иш (кызмат өтөө) мезгилдери өзгөчө учурларда мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин сунушунун негизинде мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажына киргизилиши мүмкүн.
Башка иш (кызмат өтөө) мезгилдерин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажына киргизүү жөнүндө сунуш эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия тарабынан каралат. Эмгек ишинин кошумча мезгилдерин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажына киргизүү квалификациялуу кадрларды тартуу же бекемдөө максатында өзгөчө тартипте жүргүзүлүүгө тийиш. Кызматчынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажына эсептөөгө сунуш кылынган мезгилдеги кесиптик ишинин чөйрөсү анын кесиптик ишинин маселелерине шайкеш келиши керек.
8. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акы кызматчынын негизги иши боюнча үстөк жана кошумча акылардын бардык түрлөрүн эсепке албастан эсептелет жана эмгек акысы менен бир убакта төлөнөт.
Кызматты убактылуу ээлеп турганда иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акы негизги иши боюнча кызматтык маянасына эсептелет.
9. Иштеген жылдары үчүн ай сайын төлөнүүчү үстөк акы орточо айлык акыны эсептөөнүн бардык учурунда эске алынат.
10. Иштеген жылдары үчүн ай сайын төлөнүүчү үстөк акы бул үстөк акыны дайындоо же анын өлчөмүн өзгөртүү укугу пайда болгон учурдан тартып төлөнөт.
11. Эгерде кызматчынын иштеген жылдары үчүн үстөк акыны дайындоо же анын өлчөмүн өзгөртүү укугу ал кезектеги же кошумча өргүүдө жүргөн мезгилде, ошондой эле анын убактылуу эмгекке жарамсыз мезгилинде пайда болсо үстөк акыны дайындоо аны дайындоо же өзгөртүү укугу пайда болгон учурдан тартып жүргүзүлөт.
12. Эгерде кызматчынын кызматтык милдеттерин аткарган мезгилде (угуучунун орточо эмгек акысы сакталып, иштен ажыратуу менен окуу мекемесинде кайра даярдоодон же квалификациясын жогорулатуудан өткөн мезгилди кошкондо, ошондой эле угуучунун орточо эмгек акысы сакталган башка жагдайларда) иштеген жылдары үчүн үстөк акыны дайындоо же өлчөмүн өзгөртүү укугу пайда болсо, анда кызматчыга бул укук пайда болгон учурдан тартып аталган үстөк акы белгиленет жана орточо айлык акысы тиешелүү түрдө кайра эсептелет.
13. Ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн учурлардан тышкары үстөк акыны дайындоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасынан персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эмгек акы төлөө маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнө же болбосо кызмат адамына маалыматтарды берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Ушул Жобонун 7-пунктунда каралган иштин (кызматтын) башка мезгилдери мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажына киргизилген учурда үстөк акыны дайындоо эмгек стажын белгилөө боюнча комиссиянын чечиминин негизинде чыгарылган мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругунун (тескемесинин) негизинде жүргүзүлөт.
Кызматчы жумуштан бошотулганда иштеген жылдары үчүн үстөк акы иштеген убактысына пропорционалдуу эсептелет жана аны төлөп берүү толук эсептешүүдө жүргүзүлөт.
(КР Президентинин 2024-жылдын 23-январындагы ПЖ № 6 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
14. Иштеген жылдары үчүн ай сайын төлөнүүчү үстөк акы алууга укук берүүчү иш стажын аныктоо үчүн негизги документ болуп эмгек китепчеси эсептелет.
Эмгек китепчеси жок учурда, ошондой эле эмгек китепчесинде тиешелүү жазуу болбогон же иштеген мезгилдери жөнүндө так эмес жазуулар болгон учурларда, эмгек стажын ырастоо үчүн иштеген мезгилдери жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымкаттар, буйруктардын (тескемелердин) көчүрмөлөрү, өздүк эсептер жана башка документтер кабыл алынат.
15. Кызматчылардын иштеген жылдары үчүн үстөк акысынын өлчөмүн өз убагында кайра кароо үчүн жоопкерчилик персоналды башкаруу кызматтарына же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдарга жүктөлөт.
Иштеген жылдары үчүн үстөк акыны дайындоо же мындай төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн аныктоо үчүн стажды белгилөө маселелери боюнча жеке эмгектик талаш-тартыштар мыйзамдарда белгиленген тартипте каралат.