Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 1-февралы ПЖ № 19
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Ош шаардык сотуна жана Баткен облусунун Баткен райондук сотуна мурда жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 5 жылдык мөөнөт бүткөндүгүнө байланыштуу токтотулду жана алар ээлеген кызмат ордунан 2021-жылдын 30-декабрынан тартып бошотулду деп эсептелсин:
Алимбекова Жылдыз Кубанычовна;
Оморов Расул Бактыбекович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | С.Н. Жапаров
|