Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 14-марты ПЖ № 79
Кыргыз тараптын жана канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 9-мартындагы № 119-VII КПҮ "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 102 токтому менен жактырылган кыргыз тараптын жана канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуунун шарттарын жана форматын жактыруу жөнүндө" токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогоруда аталган токтому менен жактырылган кыргыз тараптын жана канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуунун шарттары жана форматы жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Кыргыз Республикасы менен канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды глобалдуу жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун мамлекеттик органдар менен белгиленген тартипте макулдашууну камсыз кылсын;
2) мамлекеттик органдар менен макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы менен канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу жөнүндө тиешелүү макулдашууну түзсүн жана аны ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн;
3) өнөр жай коопсуздугунун жана курчап турган чөйрөнү коргоонун талаптарын толук камсыздоо менен "Кумтөр" кенинде үзгүлтүксүз өндүрүштү камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогоруда аталган токтомунун 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |