Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-мартындагы ПЖ № 85 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173, 2025-жылдын 27-февралындагы ПЖ N 70, 2026-жылдын 31-январындагы № 26 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.
2. "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын (мындан ары - Мыйзам) ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдуулукту бекемдөө жана бузууларды алдын алуу, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин кадрдык иштерге кураторлук кылган орун басарларынын, аппарат жетекчилеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - ЖӨБ) жооптуу катчыларынын ишин координациялоо, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын маселелери боюнча мыйзамдардын талаптарын аткаруудагы мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) ишинин деңгээлин жана натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт.
2. Мониторинг жүргүзүүнүн тартиби
3. Мыйзамды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү планы жыл сайын бекитилет. Мониторинг жүргүзүүнүн планы бекитилгенден кийин үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик органга жана ЖӨБ органына жөнөтүлөт. Бекитилген мониторинг жүргүзүүнүн планына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен мониторинг жүргүзүү мөөнөтүн белгилөө менен жумушчу комиссия түзүлөт. Мониторинг жүргүзүүдө жумушчу комиссиянын курамына башка мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын кызматкерлери киргизилиши мүмкүн.
Жумушчу комиссиянын сандык жана жеке курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
Жумушчу комиссиянын курамынын саны үч адамдан аз болбошу керек.
Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасы боюнча, ошондой эле жарандардын кайрылууларынын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан пландан тышкары мониторинг жүргүзүү дайындалышы мүмкүн.
4. Мониторинг жүргүзүүгө даярдык көрүүнүн алдында жумушчу комиссиянын мүчөлөрү эскерткич (кыскача нускама) түзөт жана мурда мониторингдер жүргүзүлсө, алардын жыйынтыктарынын маалымкаттарын изилдейт.
Эскерткич мониторингдин негизги багыттарын жана изилдөө үчүн жумушчу комиссияга берилүүгө тийиш болгон документтердин тизмесин камтыйт.
5. Жумушчу комиссиянын максаты жана милдеттери менен таанышуу, ошондой эле анын иши үчүн шарттарды түзүү боюнча уюштуруучулук жана башка маселелерди чечүү үчүн жумушчу комиссиянын жетекчиси мамлекеттик органдын жетекчисинин кадрдык иштерге кураторлук кылган орун басары, аппарат жетекчиси же жооптуу катчы, ал жок учурда мамлекеттик органдын же ЖӨБ органынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрөт.
Мамлекеттик органдын же ЖӨБ органынын жетекчилиги жумушчу комиссиянын суроо-талабы боюнча ушул Жобонун 3-главасында көрсөтүлгөн документтерди берет жана ага мониторинг жүргүзүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Тиешелүү документтерди берүүдөн баш тартылган жана мониторинг жүргүзүүгө тоскоолдук кылынган учурда, жумушчу комиссия бул маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, таандыктыгына жараша башка мамлекеттик органдарга жөнөтүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды маалымдайт.
6. Мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө:
- жумушчу комиссиянын жетекчиси жүргүзүлүп жаткан мониторинг боюнча келип чыккан бардык маселелерди талкуулоо жана түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн мамлекеттик органдын же ЖӨБ органынын жетекчилиги менен мезгил-мезгили менен жолугушууларды өткөрөт;
- жумушчу комиссиянын мүчөлөрү түздөн-түз аткаруучулар жана түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн жетекчилери менен маселелерди талкууланышы, ал эми зарыл болгон учурда алардан жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү талап кылышы мүмкүн.
7. Мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча 10 жумуш күндүн ичинде маалымкат түзүлөт, анда табылган бузуулар (документтерге конкреттүү шилтемелер менен), мониторинг боюнча жумушчу комиссиянын тыянактары, ошондой эле бузууларды бир айлык мөөнөттө жоюу боюнча сунуштамалар чагылдырылат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине берилген маалымкатка табылган бузуулар боюнча тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү, ошондой эле маалымкатта көрсөтүлгөн тыянактар жана сунуштамалар жөнүндө мамлекеттик органдын же ЖӨБ органынын жетекчисинин (мамлекеттик органдын жетекчисинин кадрдык иштерге кураторлук кылган орун басарынын, аппарат жетекчисинин, жооптуу катчысынын) жазуу жүзүндөгү пикири (эгерде бар болсо) тиркелет.
Комиссия тарабынан мамлекеттик органдын жетекчилигине берилген маалымкат 3 жумуш күндүн ичинде жетекчи тарабынан каралат, ал жок учурда - мамлекеттик органдын жетекчисинин кадрдык иштерге кураторлук кылган орун басары (аппарат жетекчиси), ЖӨБ органынын жетекчиси, ал жок учурда аппарат жетекчиси (жооптуу катчысы) тарабынан каралат. Мында жумушчу комиссиянын тыянактарына макул болбогон учурда, алар жазуу жүзүндөгү негиздемени көрсөтө алышат. Эгерде маалымкат белгиленген мөөнөттө каралбаса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган маалымкатты өзүнүн расмий сайтына жайгаштырууга укуктуу.
8. Ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын маалымкаты менен таанышкандан кийин, табылган бузууларды (эгерде бар болсо) маалымдоо жана жоюу үчүн мамлекеттик органга же ЖӨБ органына 3 жумуш күндүн ичинде маалымкат жиберилет.
9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторингдин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органга же ЖӨБ органына маалымкат жөнөтүлгөн учурдан тартып бир ай өткөндөн кийин гана сунуштамалардын аткарылышына кайталап мониторинг жүргүзө алат.
10. Табылган бузууларды жоюу боюнча сунуштамаларды мамлекеттик органдын же ЖӨБ органынын жетекчилиги аткарбаса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына, таандыктыгына жараша башка мамлекеттик органдарга жиберүүгө укуктуу.
11. Мамлекеттик органдарга жүргүзүлгөн мониторингдер жөнүндө материалдар системалаштырылат жана иш кагаздарын жүргүзүү кызматында сакталат, ал эми көчүрмөлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрүндө сакталат.
12. Мамлекеттик органдарда жана ЖӨБ органдарында Мыйзамдын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтына жайгаштырылат же гезитине жарыяланат.
13. Мониторинг жүргүзүү мөөнөтү мамлекеттик органдын, ЖӨБ органынын штаттык санына жана башкаруу түзүмүнүн аймактык өзгөчөлүктөрүнө жараша аныкталат жана бир 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
3. Мониторингдин негизги багыттары
14. Мамлекеттик орган жана ЖӨБ органы жөнүндө жалпы маалымат, башкаруучу документтер.
Жумушчу комиссия төмөнкүлөрдү изилдейт:
- мамлекеттик органдын жана ЖӨБ органынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын;
- башкаруучу түзүмдөрдүн штаттык санын жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын аталыштарын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Мыйзамга ылайык келтирүүнү;
- мамлекеттик органдын жана ЖӨБ органынын кадрлар резерви менен ишинин абалын, Мыйзамга ылайык кадрлар резервинен бош административдик кызмат орундарына дайындоо, ошондой эле ротациялоо тартибин.
Жумушчу комиссия төмөнкүлөрдү изилдейт:
- административдик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн өткөрүлгөн ачык конкурстар боюнча материалдарды;
- мамлекеттик органдын же ЖӨБ органынын жетекчисинин адамдарды кадрлар резервине киргизүү жөнүндө буйруктарын;
- мамлекеттик органдагы жана ЖӨБ органындагы бош административдик кызмат орундарына кадрлар резервинен дайындоо жөнүндө буйруктарды;
- ротациялоо тартибинде дайындоо жөнүндө буйруктарды.
15. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды (мындан ары - кызматчылар) өнүктүрүү боюнча иштин абалы.
Жумушчу комиссия төмөнкүлөрдү изилдейт:
- кызматчылардын карьералык өсүүсүнө багытталган чаралардын комплексинин болушун;
- каржылоо болгондо, кызматчыларды жалпы жана ведомстволук багыт боюнча окутуунун бекитилген жылдык программасынын болушун;
- Мыйзамга ылайык кызматчыларды 3 жылда бир жолудан кем эмес окутуудан өткөрүүнү;
- кызматчыларды кыска мөөнөттүү орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү окутууга жөнөтүү жөнүндө буйруктардын болушун;
- донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуудан өткөн кызматчылар жөнүндө маалыматты.
16. Мыйзамга ылайык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу боюнча мамлекеттик органдын жана ЖӨБ органынын ишин уюштуруу.
Жумушчу комиссия төмөнкүлөрдү изилдейт:
- ыйгарылган класстык чендердин ээлеген кызмат ордуна ылайык келүүсүн жана ыйгарылган класстык чен жөнүндө жазууларды эмгек китепчесине өз учурунда киргизүүнү;
- кызматчыларга класстык чендин өз убагында ыйгарылгандыгын жана тууралыгын.
17. Мыйзамга ылайык аткаруу жана эмгек тартибинин абалы, кызматчыларга көрүлгөн сыйлоо жана жаза чараларынын болушу.
Жумушчу комиссия төмөнкүлөрдү изилдейт:
- ички эмгек тартибинин маселелерин;
- кызматчыларды сыйлоо жөнүндө буйруктарды;
- жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүлөрдүн материалдарын;
- тартип жазаларын көрүү жөнүндө буйруктарды;
- тартип жазалары жөнүндө маалыматтарды талдоону.
18. Кызматчылардын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө боюнча иштин абалы.
Жумушчу комиссия төмөнкүлөрдү изилдейт:
- мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта эмгек стажын белгилөө боюнча комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорун;
- кызматчылардын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн үстөк акыларды эсептөө жөнүндө буйруктарды.
19. Башкаруунун заманбап технологияларын киргизүү боюнча мамлекеттик органдын же ЖӨБ органынын ишинин абалы.
Жумушчу комиссия төмөнкүлөрдү изилдейт:
- мамлекеттик органдын же ЖӨБ органынын мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы менен ишин;
- мамлекеттик органда же ЖӨБ органында электрондук документ жүгүртүү системасынын жалпы иштешин;
- мамлекеттик органдын же ЖӨБ органынын веб-сайтын.
20. Мамлекеттик органда же ЖӨБ органында кызматчылар тарабынан этика ченемдеринин сакталышы.
Кызматчылар тарабынан этика ченемдеринин сакталышына мониторинг жүргүзүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мамлекеттик органда же ЖӨБ органында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасын сактоону;
- этика боюнча комиссия жүргүзгөн жыйналыштардын саны, мамлекеттик органдын же ЖӨБ органынын кызматчылары тарабынан аныкталган этика ченемдерин бузууларды жана алар боюнча көрүлгөн чараларды талдоону;
- "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча этика боюнча комиссиянын ишин талдоону.
21. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды ишин баалоо боюнча иштин абалы.
Жумушчу комиссия төмөнкүлөрдү изилдейт:
- кызматчылардын ишин баалоо боюнча материалдарды;
- кызматчылардын ишин баалоонун жыйынтыктары менен макул эместигине байланыштуу кайрылуулардын болушун.
(КР Президентинин 2025-жылдын 27-февралындагы ПЖ N 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
22. Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдар жөнүндө маалыматтын болушу, кызматчылар тарабынан келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу.
Жумушчу комиссия төмөнкүлөрдү изилдейт:
- кызматчыларды терс негиздер боюнча бошотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилген кабарлоолорду;
- кызматчылар тарабынан мамлекетке материалдык зыян келтирүү фактыларды.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173 , 2025-жылдын 27-февралындагы ПЖ № 70 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
23. Кызматчылардын Мыйзамга ылайык белгиленген административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын топторуна карата квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү.
Жумушчу комиссия административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын жана административдик муниципалдык кызмат орундарынын категориясын жана тобун, кесиптик көндүмдөрүнө ылайык келген адистик боюнча стажын жана иш тажрыйбасын, ошондой эле тиешелүү сертификат менен ырасталган мамлекеттик тилди билүү деңгээлин эске алуу менен кызматчынын кесиптик билиминин деңгээлине жана профилине шайкеш келишин изилдейт.
(КР Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 26 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
24. Персоналды башкаруу кызматынын абалы.
1) жумушчу комиссия персоналды башкаруу кызматынын абалына мониторинг жүргүзүүдө төмөнкү маселелерди изилдейт:
- өздүк көктөмөлөрдү сактоо үчүн сейф менен камсыз болуу, мамлекеттик органдын жана ЖӨБ органынын архивинин болушун;
- кызматчылардын өздүк көктөмөлөрүн Мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүү тартибин;
- өздүк көктөмөлөрдүн санынын кызматчылардын штаттык санына ылайык келүүсүн;
- өздүк көктөмөдө төмөнкү документтердин болушун: документтердин ички тизмеси, кадрлар резервинин документтери, жолдомо же сунуштама, анкета, кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча, өмүр баяны, билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, дайындоо, которуу, бошотуу жөнүндө буйруктардын көчүрмөлөрү (кабыл алуу, которуу, бошотуу жөнүндө жазуулардын көчүрмөлөрү);
- кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасындагы жазуулардын эмгек китепчесиндеги аткаруучу иштери жөнүндө жазууларга ылайык келүүсүн;
- коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматчылардын жазуу жүзүндөгү милдеттенмелеринин болушун;
- "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин сактоо максатында өз (жеке) кызыкчылыктары жөнүндө декларацияларды чогултуу жана сактоо;
2) жумушчу комиссия кызматчылардын эмгек китепчелерин жүргүзүүдө төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлгөн иштерди изилдейт:
- эмгек китепчелеринин санынын кызматчылардын иш жүзүндөгү санына ылайык келүүсүн;
- жумушка кирүүдө кызматчылардан кабыл алынган бардык эмгек китепчелери каттала турган эмгек китепчелеринин, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка (ишке) биринчи жолу кирип жаткан кызматкерлерге берилген серияны жана номерди көрсөтүү менен эмгек китепчелеринин кыймылын эсепке алуу китебинин болушу;
- бошотулган кызматчынын эмгек китепчесин кайтарып берүү жөнүндө анын коюлган колунун жана датанын болушу;
- эмгек китепчесин өз убагында жана туура толтуруу (мамлекеттик органдын жана ЖӨБ органынын жетекчисинин буйругунун (тескемесинин, токтомунун) текстине жазуулардын ылайык келүүсү, аныктамалардын жана шилтемелердин мыйзамдардын тиешелүү пункттарына жана беренелерине ылайык келүүсү);
- кызматчылардын эмгек китепчелерин жана өздүк көктөмөлөрүн сактоонун эрежелеринин жана шарттарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык келүүсү.
Мамлекеттик органдын же ЖӨБ органынын ишине мониторинг жүргүзүүдө Мыйзамда белгиленген тартипте отчеттуулуктун формалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген маалыматтарды изилдөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө.