Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 28-марты ПЖ № 95
Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик башкаруу секторунда эмгек акыны түзүүнүн бирдиктүү моделин белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн 7040 сом өлчөмүндө бирдиктүү базалык ставка колдонулат;
2) Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин кызматтык маянасы бирдиктүү базалык ставканы кызматтык маяналарга эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет;
3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысы кепилденген бөлүгүнөн, компенсациялардан жана дем берүүчү төлөмдөрдөн турат;
4) Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысынын кепилденген бөлүгү эмгек акынын жалпы өлчөмүнүн 2/3 бөлүгүнөн кем эмес болууга тийиш.
2. Мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга эмгек акы төлөөнүн шарттары ушул Жарлыктын 1-пунктуна ылайык 2022-жылдын 1-августунан тартып белгиленет деп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) ушул Жарлыктын 1-пунктуна ылайык эки этапта бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча ишти жүргүзсүн:
- 2022-жылдын 1-апрелинен тартып - мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын социалдык чөйрөсүндөгү кызматчыларга;
- 2022-жылдын 1-августунан тартып - мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерге, ошондой эле мамлекеттик мекемелерди, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелерин тейлөөчү техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга, күч блогунун бош жалданган жана жарандык персоналына;
2) белгиленген тартипте өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна ушул Жарлыктын 1-пунктуна ылайык өздөрүнүн эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча иш жүргүзүү сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен эмгек акы төлөө шарттары аныкталган мамлекеттик органдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар мамлекеттик бийлик органдары ушул Жарлыктын 1-пунктуна ылайык өздөрүнүн эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча ишти жүргүзсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |