Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 14-марты ПЖ № 77
Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик административдик имараттардын бирдиктүү комплексин куруу жөнүндө
Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик административдик имараттардын бирдиктүү комплексин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарын Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик административдик имараттардын бирдиктүү комплексине жайгаштыруу менен байланышкан маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарын жайгаштыруу үчүн Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик административдик имараттардын бирдиктүү комплексин куруу боюнча мамлекеттик программаны (мындан ары - Программа) белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бекитсин;
- Программаны ишке ашырууну, анын ичинде инвестициялык макулдашууларды түзүү аркылуу бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуунун эсебинен камсыз кылсын;
- Программаны ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына инвентаризация жүргүзсүн, ошондой эле алардын долбоорлорун иштеп чыксын жана илгерилетсин;
- бул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |