Загрузка документа…
| ||
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 178 токтомуна) |
2021-жылдын 31-декабрындагы абалга карата түзүлгөн кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу, кайтаруу жана эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо 2021-жылдын 31-декабрындагы абалга карата салык салынуучу берүүлөр боюнча кошумча нарк салыгынын суммасынан сатып алынган материалдык ресурстар боюнча кошумча нарк салыгынан ашкан сумманы (мындан ары - КНСтин ашкан суммасы) ордун толтуруу жана кайтаруу, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздар (мамлекеттик карызды кайра каржылоо үчүн чыгарылган) менен кайтаруу, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык доонун эскирүү мөөнөтү өткөн КНСтин ашкан суммасын эсептен чыгаруу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо колдонулуучу терминдер жана аныктамалар:
1) кайтаруу - КНСтин ашкан суммасын башка салыктарды төлөө эсебине чегерүү, ошондой эле КНСтин ашкан суммасын салык салынуучу субъекттин банктык эсебине бюджеттен жана/же мамлекеттик баалуу кагаздардын (мамлекеттик карызды кайра каржылоо үчүн чыгарылуучу) эсебинен төлөп берүү;
2) ордун толтуруу - кошумча нарк салыгынан (мындан ары -КНС) ашкан сумманы кошумча нарк салыгы боюнча салык санкцияларын жана анын туумдарын, кийинки салыктык мезгилге кошумча нарк салыгын, ошондой эле анын импортко КНС боюнча карызын төлөө үчүн чегерүү;
3) "FORM STI-012" корутундусу - КНСтин ашкан суммасын салыктын башка түрлөрү боюнча салык карызынын жана ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча импортко КНС боюнча карызды төлөө эсебине кайтаруу жана ордун толтуруу жөнүндө корутунду;
4) "FORM STI-013" корутундусу - ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча КНСтин ашкан суммасын бюджеттен салык салынуучу субъекттин банктык эсебине кайтаруу жөнүндө корутунду;
5) изилдөө - КНСтин ашкан суммасынын түзүлгөндүгүнүн негиздүүлүгүн аныктоо менен байланышкан иш-чаралардын комплекси;
6) товарды коштоочу документтер - эл аралык автомобилдик коштомо кагазы, темир жол транспорттук коштомо кагазы, товардык-транспорттук коштомо кагазы, бирдиктүү үлгүдөгү коштомо кагазы, жол жүк ведомосту, почта ведомосту, жол жүк дүмүрчөгү, авиа коштомо кагазы, коносамент, товарлар өтмөтүтүк транспорту жана электр берүү чубалгылары боюнча ташылган учурда колдонулуучу документтер, акцизделүүчү товарлардын айрым түрлөрүн ташыган учурда колдонулуучу башка документтер, ошондой эле транспорт жөнүндө мыйзам актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган ташуу учурунда товарларды жана транспорт каражаттарын коштоочу документтер, эсеп-фактуралар, спецификациялар, жүктөөчү жана таңгактоочу баракчалар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык колдонулуучу товарлар жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде товардын наркын тастыктоочу башка документтер;
7) эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул Жободо колдонулуучу терминдер жана аныктамалар бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана салык мыйзамдарында кандай пайдаланылса, ошол маанисинде колдонулат.
2-глава. Нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөрдү кошпогондо, салык салынуучу берүүлөр боюнча КНСтин суммасынан сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин ашкан суммасынын ордун толтуруу тартиби
3. Нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөрдү кошпогондо, салык салынуучу берүүлөр боюнча КНСтин суммасынан белгилүү салыктык мезгил үчүн сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасы ашып кеткен учурда КНС төлөөчүнүн КНСтин ашып кеткен суммасы төмөнкү тартипке ылайык эске алынат:
1) КНСтин ашып кеткен суммасы арызы жок эле КНС боюнча салыктык санкцияларды жана анын туумдарын төлөө эсебине чегерүү менен орду толтурулат;
2) КНС боюнча салыктык санкциялар жана туумдар боюнча карыздар жок болгон учурда КНСтин ашып кетүү суммасы арызы жок эле кийинки салыктык мезгилге КНСти төлөө эсебине киргизилет;
3) белгиленген үлгүдөгү арыздын негизинде (мындан ары - арыз) КНСтин ашып кетүү суммасы товарды импорттоодо КНС боюнча карызды төлөө эсебине киргизүү жолу менен орду толтурулат.
Арыздын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
4. Ушул Жобонун 3-пунктуна ылайык түзүлгөн КНСтин ашкан суммасын салык салынуучу субъекттин банктык эсебине кайтарууга жана ар кандай милдеттенмелер боюнча ордун толтурууга жана үчүнчү жактын банктык эсебине кайтарууга жол берилбейт,
5. Салык салынуучу субъекттин КНСтин ашкан суммасы КНС боюнча анын туумдарын жана салыктык санкцияларын төлөө эсебине, кийинки салык мезгилиндеги КНСтин ордун толтуруу салык органы тарабынан билдирилбестен эле ишке ашырылат.
6. Импортко КНС боюнча карыздын эсебине КНСтин ашкан суммасынын ордун толтуруу салык салынуучу субъекттин арызы боюнча салык органы тарабынан ишке ашырылат. Корутунду салык салынуучу субъекттин карызы бар экендиги же кыйыр салыктар боюнча отчёттун жыйынтыгында келип чыккан, салык салынуучу субъекттин өздүк эсебинин карточкасында карызы бар экендиги жөнүндө бажы органынын маалымкатынын негизинде берилет ("FORM STI-123").
3-глава. Нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөр боюнча КНСтин суммасынан сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин ашкан суммасынын ордун толтуруу жана кайтаруу тартиби
7. Эгерде салык салынуучу субъект катары менен алты календардык айдын ар биринде нөлдүк ставка менен берүүнү жүзөгө ашырса жана мындай берүүлөрдүн наркы 6 (алты) календардык айдын ичинде ушул мезгил үчүн салык салынуучу берүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн 50 (элүү) пайызынан кем эмести түзсө, анда КНСтен ашкан сумманы кайтаруу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) арыздын негизинде КНСтин ашкан суммасы салыктардын башка түрлөрү боюнча салык карыздарын төлөө эсебине кайтарылууга тийиш;
2) импортко КНС боюнча карыз жана салык карыздары жок болгон учурда КНСтин ашкан суммасы арыздын негизинде салык салынуучу субъекттин эсебине же мамлекеттик баалуу кагаздар (мамлекеттик карызды кайра каржылоо үчүн чыгарылуучу) катары кайтарылып берилет.
8. Салык салынуучу субъекттин арызы жок эле КНСтин ашкан суммасы, КНС боюнча салыктык санкциялар жана туумдар кийинки салыктык мезгилге КНСти төлөө эсебине киргизүү катары каралат.
9. Нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөрдүн эсебинен түзүлгөн КНСтин ашкан суммасы үчүнчү жактын ар кандай милдеттенмелери боюнча орду толтурулууга жана кайтарылууга жатпайт.
10. Нөлдүк ставка менен берүүлөрдүн эсебинен түзүлгөн КНСтин ашкан суммасын банктык эсепке же мамлекеттик баалуу кагаздар менен кайтаруу, салык салынуучу субъекттин импортко КНС боюнча карыздарын кошкондо, салык карызы болгон учурда жүргүзүлбөйт.
11. КНСтин ашкан суммасын кайтаруу салыктарды төлөөнүн мөөнөтү узартылган, кийинкиге жылдырылган учурда жүргүзүлбөйт.
4-глава. КНСтин ашкан суммасынын ордун толтуруу жана кайтаруу жөнүндө арызды берүү жана аны салык органы тарабынан кароо тартиби
12. Импортко КНС боюнча карызды төлөөнүн эсебине, салыктардын башка түрлөрү боюнча салык карыздарын төлөөнүн эсебине ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча КНСтин ашкан суммасынын ордун толтуруу жана кайтаруу, ошондой эле банктык эсепке кайтаруу жөнүндө салык органына арыз берген учурда салык салынуучу субъект төмөнкү документтердин мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү;
1) 2019-жылдын 1-июлуна чейинки салыктык мезгил үчүн КНС боюнча салык отчетунун;
2) товарларды берүүгө, жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүүгө келишимдин же контракттын;
3) салык салынуучу берүүлөр жана сатып алынган материалдык ресурстар боюнча эсеп-фактуралардын реестринин. 2020-жылдын 1-июлуна чейин таризделген салык салынган берүүлөр жана сатып алынган материалдык ресурстар боюнча эсеп-фактуранын;
4) аларды сатып алуунун эсебинен КНСтин ашып кетүү суммасы түзүлгөн, баланста негизги каражаттардын болушунун жана товардык-материалдык баалуулуктардын, даяр продукциялардын калдыктарынын реестрин;
5) сатып алынган материалдык ресурстар үчүн берүүчүлөрдүн төлөө фактысын тастыктаган төлөм документтеринин;
6) сатып алынган материалдык ресурстар үчүн берүүчүлөрдүн төлөө фактысын жана КНСтин суммасын же болбосо натуралай туюнтулушта төлөөнү (товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү) ырастоочу документтер жок болгон учурда төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:
- салык органына арыз берүү күнүнө карата берүүчү менен салык салынуучу субъекттин ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү салыштырып текшерүү актысы;
- салык салынуучу субъекттин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн төлөмдүн мөөнөттөрү жана ыкмалары жөнүндө келишимдин же- ага теңештирилген документтин көчүрмөсү;
7) бажы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге жана Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары -ЕАЭБ) укугун түзгөн актыларга ылайык жүзөгө ашырылуучу ЕАЭБнын бажы аймагына товарларды импорттоо учурунда салык салынуучу субъект төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү:
- товарга эсеп-фактуралардын же болбосо аларга карата товарды коштоочу документтердин;
- товарларды ташып кирүүнү ырастоочу бажы декларацияларынын;
- Кыргыз Республикасынын бажы органында импортко КНСти төлөө фактысын ырастоочу төлөм документтеринин;
8) бажы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге жана ЕАЭБнын укугун түзгөн актыларга ылайык жүзөгө ашырылуучу ЕАЭБнын бажы аймагынан экспорттогон учурда салык салынуучу субъект ушул пункттун 1-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерден тышкары, төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүн берүүгө тийиш:
- товарларды экспорттоого эсеп-фактуралардын;
- товарды экспорттоого бажы декларациясынын;
- багытталган өлкөнүн бажы декларациясынын же ага теңештирилген жана багытталган өлкөгө импорттолгондугун ырастаган башка документтердин (эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагаз, темир жол коштомо кагазы, коносамент - деңиз ташуусуна коштомо кагаз), товарлардын жана транспорт каражаттарынын транзити ишке ашырылган мамлекеттердин (өлкөлөрдүн) чек ара-бажы постторунун кызматкерлеринин мөөрлөрү жана штамптары, экспорттолуучу товардын багытталган өлкөгө келгендиги жөнүндө белги менен;
- товарларды берүүгө, жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүүгө келишимдин же контракттын;
- экспорттолгон товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акчалай каражат менен төлөмдү алуу фактысын ырастоочу төлөм документтердин;
9) эл аралык авиа ташууларды ишке ашырууда салык салынуучу субъект ушул пункттун 1-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерден тышкары, төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүн да берүүгө тийиш:
- аэропорт кызматынын эсеп-фактурасын ("А" формасы);
- самолеттордун ырасталган бир жолку тейлөөсүн ("С" жана "Д" формалары);
- эл аралык авиа коштомо кагаздарды (аэрвейбил);
- учууга тапшырмаларды;
- эл аралык рейстерге билеттер үчүн түшкөн пайдалар жөнүндө отчетторду, коштолбоочу жүктөрдү ташууга авиа коштомо кагаздарды (жүктүк ведомость, лоодшит), почта жөнөтүүлөрүн, консулдук визаларды;
10) эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашыруучу аба кемелерине куюу үчүн борттук запас катары реактивдүү отунду жеткирип берүүдө, май куюучу уюм (салык салынуучу субъект) эл аралык каттамдарды, эл аралык аба ташууларын аткаруучу аба кемелерине авиаотун куйгандыгын ырастаган коммерциялык документти берүүгө тийиш, анда рейс, учуу багыты, аба кемесинин канатына куюлган авиаотундун көлөмү көрсөтүлүшү керек.
13. КНСтин ашкан суммасынын ордун толтуруу жана кайтаруу үчүн келишимдер (макулдашуулар) боюнча ЕАЭБдин башка мүчө мамлекетинин аймагынан товарларды импорттоо жана экспорттоо учурунда салык салынуучу субъект төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүн берет, аларды салык органы изилдөөгө тийиш:
- аймагына товарлар импорттолгон ЕАЭБге мүчө мамлекеттин салык органынын белгиси менен товарларды импорттоо жана экспорттоо учурунда товарларды ташып киргендиги жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз, кыйыр салыктар төлөнгөндүгү жөнүндө арыз;
- эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашыруучу аба кемелерине куюу үчүн борттук запас катары реактивдүү отунду жеткирип берүүдө, - рейсин, учуу багытын, аба кемесинин канатына куюлган авиаотундун көлөмүн көрсөтүү менен эл аралык каттамдарды, эл аралык аба ташууларын аткаруучу аба кемелерине авиаотун куйгандыгын ырастаган коммерциялык документти (куюуга талап/ордер) (товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын ордуна);
- импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктардын төлөнгөндүгүн ырастаган банктын көчүрмөсү;
- ЕАЭБге мүчө бир мамлекеттин аймагынан ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагына товарлардын ташылышын ырастаган транспорттук (товарды коштоочу) документтер;
- товарларды жүктөө учурунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык таризделген эсеп-фактуралары;
- алардын негизинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аймагынан ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагына импорттолгон товарлар сатып алынган келишимдер (контракттар);
- алардын негизинде товарларды экспорттоодо ишке ашырылган келишимдер (контракттар);
- салык төлөөчүнүн-экспорттоочунун эсебинен экспорттолгон товарларды сатуудан иш жүзүндө түшкөн акчанын келип түшкөндүгүн ырастаган банктын көчүрмөсү;
- КНС боюнча бюджетке төлөө фактысын ырастаган документтер.
14. Ушул Жобонун 3-пунктунун 3-пунктчасына ылайык КНСтин ашкан суммасынын ордун толтурууда салык салынуучу субъект ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу шартында Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча бажылык тариздөө жүргүзүүчү бажы органынын белгиленген үлгүдөгү маалымкатын салык органына берүүгө милдеттүү.
Маалымкат Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы аймагына товарлардын жана транспорт каражаттарынын иш жүзүндө келип түшүүсүндө, аларга товар коштоочу документтер болгондо жана ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенме келип чыкканда ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча салык салынуучу субъект бажы органына арыз берген күндөн тартып 2 (эки) календардык күндөн кечиктирбестен берилет.
Орду толтурулган КНСтин ашкан суммасынын колдонулушун контролдоо ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу шартында Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө маалымкат берген бажы органы тарабынан жүргүзүлөт.
Орду толтурулган КНСтин ашкан суммасы берилген маалымкатта көрсөтүлгөн ташып келинген товарларга карата гана колдонулат.
15. КНСтин ашкан суммасын банктык эсепке кайтарууда салык салынуучу субъект бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын импортко КНС боюнча карызынын жок экендиги жөнүндө маалымкатты ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча салык органына берүүгө милдеттүү.
Маалымкат бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан салык салынуучу субъект кайрылган күндөн тартып 5 (беш) календардык күндөн кечиктирбестен берилет.
16. Салык органына берилген материалдар топтоочу папкаларда хронологиялык тартипте документтердин тиркелген көчүрмөлөрүнүн реестрин камтууга тийиш, алар номерлениши, боо байланып көктөлүшү жана салык салынуучу субъекттин мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек жана төмөнкүдөй жазууну камтууга тийиш: "________" баракта номерленген жана көктөлгөн, документтердин көчүрмөлөрү анык.".
17. Салык органы КНСтин ашкан суммасынын түзүлүүсүнүн негиздүүлүгүн ырастоо максатында төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) арыз берилген күндөн тартып 20 (жыйырма) жумуш күндүн ичинде салык салынуучу субъект тарабынан берилген документтерди текшерүүгө, анын натыйжасы маалымкат менен таризделүүгө тийиш.
Текшерүү маалымкатында төмөнкүлөр чагылдырылат:
- изилденүүчү мезгилге КНСтин ашып кетүү суммасынын мурда жүргүзүлгөн ордун толтуруу жана кайтаруу суммалары;
- салык салынуучу субъектте импортко КНС боюнча карызды кошкондо, башка салыктар боюнча салык карыздарынын болушу;
- КНСтин ашкан суммасынын түзүлүү себептери;
- изилденүүчү мезгил үчүн мурда жүргүзүлгөн салык текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары;
- текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча иш жүзүндө түзүлгөн салык түзүүчү көрсөткүчтөрдү (алгачкы документтердин маалыматтарын) салык салынуучу субъект тарабынан берилген салык отчеттордун маалыматы менен салыштыруунун натыйжалары;
- салык салынуучу субъект тарабынан берилген нөлдүк ставка боюнча салык салынуучуларды жана бошотулган берүүлөрдү кошкондо, берүүлөр боюнча алгачкы документтердин реестрин салык органында ыйгарылган номерлер жана сериялары боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын көрсөткүчтөрүндөгү маалыматтарга шайкештигин салыштыруунун натыйжалары;
- сатылып алынган материалдык ресурстар боюнча кириштелүүгө тийиш болгон КНС төлөө фактысын ырастоочу документтерди текшерүүнүн натыйжалары;
- КНСтин ашкан суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу маселесин чечүү үчүн документ берген салык салынуучу субъекттин дарегине алар жүргүзгөн берүүлөрдүн ишенимдүүлүк маселеси боюнча салык салынуучу субъекттерге жүргүзүлгөн утурлама текшерүүлөрдүн натыйжалары. Субъекттерди утурлама текшерүүлөр КНС чегерилүүгө тийиш болгон берүүлөр боюнча милдеттүү түрдө текшерилет, сатып алынган материалдык ресурстар боюнча текшерилүүчү мезгил үчүн чегерүүгө кабыл алынган КНСтин жалпы суммасынан 5 (беш) жана андан ашык пайызды түзөт;
- берүүчүлөрдүн эсеп-фактураларынын тууралыгын ырастоонун натыйжалары (утурлама текшерүүгө камтылган берүүчүлөрдү кошпогондо);
- КНСтин ашкан суммасы негизги каражаттарды сатып алуунун эсебинен түзүлгөн баланста товардык-материалдык баалуулуктардын, даяр продукциялардын жана болгон негизги каражаттардын калдыгын алуунун натыйжалары. Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу актысына фото, видео жазуу тиркелиши мүмкүн;
- салык кызматынын маалыматтык системасында товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө ырасталган арыздардын "FORM STI-136" болушу жөнүндө маалымат;
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (мындан ары - КМШ) катышуучу мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн салык жана бажы органдарында ушундай берүүлөрдү ырастоо максатында ыйгарым укуктуу салык органы аркылуу жиберилген салык салынуучу субъект тарабынан ишке ашырылган экспорттук берүүлөр боюнча суроо-талаптын натыйжалары.
Суроо-талап төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
а) КМШга катышуучу мамлекеттерге жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттук берүүлөрдүн;
б) ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге, салык кызматынын маалыматтык системасында товарларды ташып келүү жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин салык органдары тарабынан тастыкталган жана жөнөтүлгөн кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын электрондук версиясы жок болгон учурда;
в) "Жашыруун" деген грифи бар аскердик-техникалык багыттагы продукция чыгаруучу салык салынуучу субъекттер тарабынан экспорттук берүүлөрдө мындай берүүлөрдү ырастоо максатында ыйгарым укуктуу салык органы аркылуу суроо-талапты Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жиберүү.
Суроо-талап төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- жиберүүчүнүн жана алуучунун аталыштары;
- жиберүүчүнүн өлкөсүнүн жана алуучу өлкөнүн бажылык декларацияларынын маалымдама номерлерин көрсөтүү менен бажылык тариздөө күнү;
- экспорттолгон товардын аталышы;
- экспорттолгон товардын саны жана наркы;
- келишимге (контрактка) ылайык экспорттолгон товар үчүн төлөө фактысын (акчалай каражаттар менен, же болбосо накталай туюнтулушта - товар, жумуш, кызмат көрсөтүү менен) ырастоочу документ;
2) КНСтин ордун толтуруу жана ашкан суммаларды кайтаруу жөнүндө арызды кароонун мөөнөтү төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
а) суроо-талаптын багыттары:
- КМШга катышкан мамлекеттерге жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттук берүүлөрдө;
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге, салык кызматынын маалыматтык системасында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин салык органдары тарабынан тастыкталган жана жөнөтүлгөн товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын электрондук версиясы жок болгон учурда;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине "Жашыруун" деген грифи бар аскердик-техникалык багыттагы продукцияны чыгаруучу КНС төлөөчүлөр тарабынан экспорттук берүүлөрдө;
б) утурлама текшерүү жүргүзүү мезгилинде;
в) сатып алуунун эсебинен КНСтин ашык суммасы түзүлгөн товардык-материалдык баалуулуктардын, даяр продукциянын калдыктарын жана баланста негизги каражаттардын болушун алып салуу мезгилинде.
Суроо-талапка жооп алгандан кийин, утурлама текшерүү аяктагандан кийин, товардык-материалдык баалуулуктардын калдыгын алуу актысына кол коюлгандан кийин кийинки иш күнү мөөнөттү эсептөө кайрадан башталат;
3) текшерүүнүн маалымкатын түзүү, анын ар бир нускасына текшерүү жүргүзгөн салык органынын кызмат адамы, тиешелүү бөлүмдүн начальниги, салык органынын жана салык салынуучу субъекттин начальниги (жетекчиси) кол коюуга жана салык органынын гербдүү мөөрү жана салык салынуучу субъекттин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
4) салык салынуучу субъектке арыз берилген учурдан тартып 20 (жыйырма) жумуш күндөн ашпаган мезгилдин ичинде текшерүү маалымкатын берүү. Текшерүү маалымкаты эки нускада түзүлөт.
18. Текшерүүнү ишке ашырууда салык салынуучу субъект салык органынын кызмат адамынын бухгалтердик документтерге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана сатып алуунун эсебинен КНСтин ашып кетүү суммасы түзүлгөн баланста негизги каражаттардын болушун аныктоодо жана товардык-материалдык баалуулуктардын, даяр продукциялардын калдыктарын алууда ага көмөк көрсөтүүгө тийиш.
19. Салык салынуучу субъекттин арызынын негизинде салык органы КНСтин ашкан суммасынын түзүлүүсүнүн негиздүүлүгүн ырастоо максатында алдын ала текшерүү жүргүзүшү мүмкүн.
20. Ушул Жобонун 3-пунктунун 3-пунктчасына ылайык импортко КНС боюнча анын карыздарын төлөө эсебине салык салынуучу субъекттин КНСтин ашкан суммасынын ордун толтуруу жөнүндө чечим КНС боюнча туумдар жана салыктык санкциялар жана салыктардын башка түрлөрү боюнча салыктык карыздар жок болгон учурда гана кабыл алынат.
21. Салык органы КНСтин ашып кетүү суммасынын пайда болушунун негиздүүлүгүн текшерүүнүн натыйжалары боюнча салык салынуучу субъекттин КНСтен ашкан суммасынын ордун толтуруу жана импортко КНС боюнча анын карызын төлөө эсебине, салыктардын башка түрлөрү боюнча анын салыктык карызын төлөө эсебине кайтаруу жана салык салынуучу субъекттин банктык эсебине кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
Мында салык органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алынган документтердин көчүрмөлөрүн сактоону, архивге өткөрүп берүүнү жана жок кылууну камсыз кылат.
22. Кабыл алынган чечимдин негизинде салык органы салык салынуучу субъекттин салыктык катталуу орду боюнча "FORM STI-012" жана/же "FORM STI-013" корутундусун төрт нускада жазып берет жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен аткаруу үчүн жазып берилген корутундуларды тиркөө менен корутундулардын реестрин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктарына (мындан ары - Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктары) жиберет.
Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктары аткаргандан кийин "FORM STI-012" жана/же "FORM STI-013" корутундусу салык органына кайтарылып берилет.
5-глава. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан мамлекеттик баалуу кагаздардын нөлдүк ставкасы боюнча салык салынуучу берүүлөр боюнча КНСтин ашкан суммасын кайтаруу
23. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктары КНСтин ашкан суммасын салык салынуучу субъекттин банктык эсебине кайтаруу жөнүндө "FORM STI-013" корутундусун аткарууга алууда, аны Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен аткаруу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жиберет.
24. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги корутундулардын тиркемелери менен реестрди алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде аларды Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен аткаруу жөнүндө чечимди кабыл алууга милдеттүү.
25. КНСтин ашкан суммасын мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен салык салынуучу субъекттин банктык эсебине кайтаруу жөнүндө "FORM STI-013" корутундусун аткаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан аныкталат.
6-глава. Кабыл алынган чечимдерди жокко чыгаруу жол-жобосу
26. Салык органы мыйзамсыз КНСтин ордун толтуруу жана ашкан сумманы кайтаруу фактыларын аныктаган учурда КНСтин ордун толтуруу жана ашкан сумманы кайтаруу жөнүндө мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
27. КНСтин ордун толтуруу жана ашкан сумманы кайтаруу жөнүндө мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу тууралуу салык органынын чечиминин негизинде салык салынуучу субъект мыйзамсыз чегерилген суммаларды кайтарып берүүгө милдеттүү.
28. Салык органы салык салынуучу субъекттин өздүк эсебинин карточкасында эсептелген салыктардын суммасын туумдарды жана салыктык санкцияларды эсептөө менен калыбына келтирет жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык бул суммаларды өндүрүү боюнча чараларды көрөт.
Банктык эсепке кайтарууда туум бюджетке кайтаруу күнү боюнча салык салынуучу субъекттин банктык эсебине акча каражаттары которулган күндөн тартып 0,09 пайыз өлчөмүндө чегерилет.
7-глава. КНСтин ашкан суммасын эсептен чыгаруунун тартиби
29. Доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен КНСтин ашкан суммасы бюджеттин пайдасына салык төлөөчүнүн өздүк эсебинен эсептен чыгарылууга жатат.
30. Доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен КНСтин ашкан суммасын эсептен чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн салык органы КНСтин ашкан суммасын эсептен чыгаруу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) түзөт. Комиссиянын курамы жана иштөө регламенти салык органынын жетекчиси тарабынан бекитилет. Комиссиянын курамына салык органынын кызмат адамдары кириши керек. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так сандан, бирок 5 адамдан кем болбоого тийиш. Комиссияны салык органынын жетекчиси же жетекчинин орун басары жетектейт.
31. Комиссиянын чечими протокол менен таризделип, ага Комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
32. Комиссиянын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен КНСтин ашкан суммасын эсептен чыгаруу жөнүндө чечиминин негизинде салык органы чечим чыгарат.
33. Салык органынын эсептен чыгаруу жөнүндө чечимине салык органынын жетекчиси же жетекчинин орун басары кол коёт.
34. КНСтин ашкан суммасын эсептен чыгаруу жөнүндө салык органынын чечиминин формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
|
| 2021-жылдын 31-декабрындагы абалга карата түзүлгөн кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу, кайтаруу жана эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Фирмалык бланк
МААЛЫМКАТ 20__-жылдын "____" ____________ № ________
Ушул маалымкат
___________________________________________________________________________________
(салык төлөөчүнүн толук аталышы, ИСН)
берилди жана салык төлөөчүнүн арызында көрсөтүлгөн маалыматтардын негизиндеги өлчөмдө
(төлөөгө тийиш болгон КНСтин суммасы)* КНС төлөө боюнча милдеттенме пайда болгон
___________________________________________________________________________________
(салык төлөөчүнүн толук аталышы, ИСН)
товарларды ________________________________________________________________________
(транспорттук документтин номери, инвойс/эсеп-фактура номери,
товардын аталышы, ТЭИ ТН коду, саны)
Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү фактысын ырастайт.
___________________________________________________________________________________
Жогоруда аталган товарлар 20___-жылдын "__" _______________________ № _________________
убактылуу сактоо документине ылайык 20___-жылдын "__" _______________________
тартып _____________________________________________________________ убактылуу сактоого
(убактылуу сактоо кампасынын дареги)
жайгаштырылды.
Маалымкат ______________________________ району боюнча салык органына берүү үчүн берилди
жана ___________________________________________________________ күндүн ичинде жарактуу.
(*) Маалымкат берилген күнгө карата валюта курсу жана бирдиктүү бажы тарифинин ставкасы боюнча
эсептелген импортко КНСтин суммасы.
Бажы органынын начальниги | _____________________ | ________________________________ |
(аталышы) | (колу) | аты-жөнү (толугу менен) |
Бажы органынын М.О.
|
| 2021-жылдын 31-декабрындагы абалга карата түзүлгөн кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу, кайтаруу жана эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды ташып келүү фактысын ырастаган маалымкатты алуу жөнүндө АРЫЗ
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
(аталышы, ИСН, ОКПО, уюмдун дареги же аты-жөнү, жеке жактын дареги)
Төмөндө көрсөтүлгөн товар коштоочу документтерге ылайык салык органына берүүгө жана андан
ары бюджеттен КНСтин ашкан суммасынын ордун толтурууга ички керектөө үчүн чыгаруунун
бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу шартында импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер
пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы
аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө маалымкат берүүнү суранам:
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
(транспорттук документтин номери, инвойс/эсеп-фактура номери, товардын аталышы,
ТЭИ ТП коду жана саны)
Аталган товар _______________________________________________________________________
(салык төлөөчүнүн толук аталышы, ИСН)
ички керектөө үчүн чыгаруу жол-жобосуна жайгаштырууга милдеттенет.
_____________________________ | ____________________ | ______________________________ |
(жетекчинин кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
20___-жылдын "____"__________________
М.О.
|
| 2021-жылдын 31-декабрындагы абалга карата түзүлгөн кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу, кайтаруу жана эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
МААЛЫМКАТ
20___-жылдын "___"____________ № ____________
Ушул маалымкат (салык төлөөчүнүн толук аталышы, ИСНи) бул субъекттин
200_-жылдын "___" _____________ карата импортко КНС боюнча карызы жок экендиги жөнүндө берилди.
Маалымкат ___________________________________________________________ району боюнча салык
органына берүү үчүн берилди жана _____________________________________ күндүн ичинде жарактуу.
__________ _____________________
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси | ___________________ | ________________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органдын М.О.