Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 21-апрели ПЖ № 123
Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө
Соңку жылдары адамдын интеллектуалдык потенциалына негизделген жана калктын кирешесинин өсүүсүнө жана иш менен камсыз болуусуна, экспортту жогорулатууга жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү, ошондой эле элдин тарыхый-маданий каада-салттарын сактоо менен калктын көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн монетизациялоого мүмкүндүк берүүчү экономиканын перспективдүү секторлорунун бири катары креативдүү экономика бүткүл дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасында активдүү өнүгүүдө.
Адамдын креативдүү (чыгармачыл) жана интеллектуалдык потенциалын колдоо жана жогорулатуу, экономикадагы инновациялык процесстерди өнүктүрүү, ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жумуш орундарын түзүү, экономиканы диверсификациялоо, экспорттук түшүүлөрдүн көлөмүн, эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана алдыңкы иштеп чыгуулар үчүн аянтча түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Креативдүү экономика Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири деп аныкталсын жана келечектеги экономиканын жаңы тармагы катары креативдүү индустриялар секторун илгерилетүүгө мүмкүндүк берген, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон өлкөнүн экономикасынын инновациялык багытын өнүктүрүү үчүн негиз түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын креативдүү экономикасын өнүктүрүү концепциясын бекитсин;
- креативдүү индустриялар классификациясын аныктасын;
- Креативдүү индустриялар паркын түзсүн;
- 2022-жылдын 1-октябрына чейин креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө, ошондой эле Креативдүү индустриялар паркынын, анын башкаруу органдарынын, резиденттердин иштөөсүнө, Креативдүү индустриялар паркынын режимин түзүүнүн негизги принциптерин аныктоого багытталган ченемдик укуктук актылардын топтомун иштеп чыксын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна "Кыргыз Республикасынын Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн, ошондой эле ушул Жарлыкты жүзөгө ашыруу боюнча ишти жалпыга маалымдоо каражаттарына кеңири чагылдырсын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |