Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 18-апрели ПЖ № 116
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн мурда жөнөтүлгөн Жолдошов Иматилла Султанович курагынын чегине жеткендигине байланыштуу анын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду жана ал ээлеген кызматынан 2022-жылдын 21-мартынан тартып бошотулду деп эсептелсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |