Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 18-апрели № 214-т
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрлигинин ортосундагы Байланыш жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-мартындагы № 95-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
А.О.Кожошев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрлигинин ортосундагы Байланыш жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Азербайжан Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрлиги,
эки мамлекеттин жана элдин ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн негизиндеги достук жана кызматташуу мамилелерин бекемдөөгө умтулуу менен,
эки мамлекеттин ортосунда байланыш жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу менен,
Тараптардын мамлекеттери катышуучусу болуп саналган байланыш жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы эл аралык келишимдердин максаттарын жана принциптерин көңүлгө алуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында тең укуктуулук жана өз ара пайда табуу принциптеринин негизинде телекоммуникациялар, почта байланышы жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы узак мөөнөттүү кызматташууну өнүктүрөт, эки мамлекеттин кызыкдар уюмдарынын ортосунда байланыштарды түзүүгө жана зарыл болгон учурда алардын ортосундагы кызматташуунун конкреттүү долбоорлорун ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.
2-берене.
1. Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну жүзөгө ашырат:
1.1. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана маалыматтык коомду өнүктүрүү жаатында кызматташуу;
1.2. Телекоммуникациялар жана почта байланышы жаатында кызматташуу;
1.3. Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык эки тараптын электрондук кол тамгасын өз ара таануу;
1.4. Маалыматтарды иштеп чыгуу жаатында кызматташуу;
1.5. Жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндө кызматташуу;
1.6. Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын, эл аралык укуктун ченемдеринин жана ушул Меморандумдун алкагында Тараптар макулдашкан кызматташуунун бардык башка формалары.
2. Тараптар жогоруда аталган багыттар боюнча төмөнкүдөй формаларда кызматташууну жүзөгө ашырат:
2.1. Эки өлкөнүн эксперттери жана адистери үчүн биргелешкен окуу курстарын уюштуруу;
2.2. Ушул Меморандумдун алкагында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча көмөк көрсөтүү максатында кызматташуу боюнча эксперттик/жумушчу топторду түзүү.
3-берене.
Ушул Меморандумдун алкагында алынган бардык маалыматтар аларды берген Тараптын алдын ала макулдугусуз үчүнчү тарапка ачыкка чыгарылбашы керек. Бул жобо ушул Меморандумдун колдонулушу токтотулган учурда да күчүндө калат.
4-берене.
Ушул Меморандумдун жоболору Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу алардын укуктарына жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
5-берене.
Тараптар ушул Меморандум боюнча кызматташуунун алкагында долбоорлорду жана иш-чараларды сапаттуу ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Тараптар ушул Меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча келип чыгуучу маселелерди кароо жана биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү үчүн бири-бири менен ушул Меморандумдун пункттарын аткаруу маселелери боюнча Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу өз ара аракеттенет.
Ушул Меморандумдун алкагындагы кызматташуу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана эл аралык укуктун ченемдерине каршы келбеген формаларда жүзөгө ашырылат.
6-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу келип чыгуучу бардык пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилет.
7-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана ушул Меморандумдун 9-беренесине ылайык күчүнө кирген өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
8-берене.
Эгерде Тараптар башкача аныктабаса, ар бир Тарап ушул Меморандумдун алкагындагы чыгымдарды ресурстар болгон шартта Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык тартат.
9-берене.
Ушул Меморандум анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболор Азербайжан Тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү Кыргыз Тарабы дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Меморандум 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири тиешелүү мөөнөт аяктаганга чейин 6 (алты) айдан кечиктирбестен экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Меморандумдун аракетин токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбесе, кийинки беш жылдык мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат.
Ушул Меморандумдун колдонулушун токтотуу ал колдонуудагы мезгилде башталган долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга таасирин тийгизбейт.
Баку шаарында 2022-жылдын "____"-апрелинде эки түп нускада, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей аутенттүү болуп саналат.
Ушул Меморандумду чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги үчүн |
| Азербайжан Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрлиги үчүн |
_________________________________ |
| _________________________________ |