Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 29-апрели ПЖ № 133
Петер Сийяртону "Достук" ордени менен сыйлоо жөнүндө
Эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелерди түзүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто "Достук" ордени менен сыйлансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |