Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 30-апрели ПЖ № 141
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө
Кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунушу боюнча токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым иштеп жаткан судьялары Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган калган мөөнөткө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу үчүн Баткен облусунун төмөнкү жергиликтүү сотторуна которулсун:
- Баткен облустук соту:
Алгожоев Замирбек Болотбекович - Бишкек шаардык сотунан;
Алдашов Азамат Зарылбекович - Талас облустук сотунан;
Алыбаев Замир Эрнисбекович - Нарын облустук сотунан;
Апышев Алмазбек Апышевич - Ысык-Көл облустук сотунан;
Жамангулов Жыргалбек Жамангулович - Чүй облустук сотунан;
Ибраимов Бакыт Молдозакович - Талас облустук сотунан;
- Баткен облусунун административдик соту:
Атаканова Назгул Калиевна - Чүй облусунун Кемин райондук сотунан;
Тилемишов Азамат Жайчыбекович - Талас облусунун Манас райондук сотунан;
- Баткен райондук соту:
Оторбаева Айзада Жумабековна - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунан;
Садыков Болот Калыбекович - Чүй облусунун Сокулук райондук сотунан;
Шатманов Дуйшенкул Жээнбекович - Талас облусунун Манас райондук сотунан;
- Кадамжай райондук соту:
Абжалбек кызы Зарина - Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунан;
Асылбашев Данияр Куванычбекович - Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык сотунан;
Нармырзаев Марклен Алтынбекович - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунан;
Турсунбеков Таалайбек Турсунбекович - Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан;
- Кызыл-Кыя шаардык соту:
Дарманкулов Манасбек Маширапович - Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунан;
Моютова Назгул Аманбековна - Нарын облусунун Ак-Талаа райондук сотунан;
- Лейлек райондук соту:
Жапаров Мамасадык Токтосунович - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;
Кермалиев Нурмухамбет Байысбекович - Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунан;
- Сүлүктү шаардык соту:
Садыков Урматбек Асанбекович - Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунан;
Турусбеков Акылбек Джусупбекович - Талас облусунун Талас шаардык сотунан.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу финансылык маселелерди чечсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |