Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 30-апрели ПЖ № 139
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө
Кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 4-пункттарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунушу боюнча токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым иштеп жаткан судьялары Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган калган мөөнөткө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу үчүн Нарын облусунун төмөнкү жергиликтүү сотторуна которулсун:
- Нарын облустук сотуна:
Дуйшеев Эркин Турдумаматович - Ош облустук сотунан;
Жороев Султангазы Золотунович - Жалал-Абад облустук сотунан;
Жунусов Шарипбек Топчубаевич - Ош облустук сотунан;
Нарынбаев Таштанбек Пахирович - Баткен облустук сотунан;
Султанканов Бактыбек Султанканович - Жалал-Абад облустук сотунан;
- Нарын облусунун административдик сотуна:
Ахметова Айнура Касымбековна - Чүй облусунун административдик сотунан;
Хусанов Айбек Исманалиевич - Жалал-Абад облусунун административдик сотунан;
- Ак-Талаа райондук сотуна:
Раимкулов Эрмек Раимкулович - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;
Шаназаров Карабай Кожомбердиевич - Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунан;
- Ат-Башы райондук сотуна:
Абдисаматов Гайратбек Абдиладыевич - Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунан;
- Кочкор райондук сотуна:
Сарыбаев Омурбек Рыскулович - Ош облусунун Өзгөн райондук сотунан;
Сыдыгалиева Асел Бабановна - Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунан;
- Нарын шаардык сотуна:
Омуралиев Бакытбек Эмилбекович - Ош облусунун Ноокат райондук сотунан;
Осмонов Сотибек Ырыскулович - Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук сотунан;
Суханбердиев Данияр Абдамитович - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунан;
Эрматова Гулзат Муктаровна - Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунан;
- Нарын райондук сотуна:
Маматов Куштарбек Иссаевич - Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунан;
Турдумбетов Мунарбек Шерматович - Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунан.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу финансылык маселелерди чечсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |