Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 30-апрели ПЖ № 142
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө
Кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 4-пункттарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунушу боюнча токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым иштеп жаткан судьялары Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган калган мөөнөткө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын төмөнкү жергиликтүү сотторуна которулсун:
- Бишкек шаардык сотуна:
Абдураимов Арзыбай Базарбаевич - Баткен облустук сотунан;
Алибаев Акматали Имаралиевич - Чүй облустук сотунан;
Алиева Гулкайыр Сакешовна - Ысык-Көл облустук сотунан;
Атаев Замирбек Исмаилович - Ош облустук сотунан;
Бекташов Сүйүнбек Исраилович - Жалал-Абад облустук сотунан;
Жаныбеков Медер Жаныбекович - Ысык-Көл облустук сотунан;
Джунусов Заурбек Турдубаевич - Ош облустук сотунан;
Кадырова Гульназ Кубанычбековна - Чүй облустук сотунан;
Кубатов Айвар Эсенкулович - Ош облустук сотунан;
Садырбеков Улан Маданбекович - Чүй облустук сотунан;
Чекирова Асель Мелисовна - Чүй облустук сотунан;
- Бишкек шаарынын административдик сотуна:
Досалиев Акылбек Кубатбекович - Ош облусунун административдик сотунан;
Тагаев Мелис Муктарович - Ысык-Көл облусунун административдик сотунан;
- Ленин райондук сотуна:
Авазов Мирзат Абдисатарович - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;
Архарова Кымбат Кадыровна - Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан;
Ибраимов Темирбек Маданбекович - Талас облусунун административдик сотунан;
Истамкулов Кылычбек Маканбаевич - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;
Калмамат уулу Алтынбек - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунан;
Каримбаева Чолпон Маматеминовна - Ош облусунун Өзгөн райондук сотунан;
Кенжебаев Нурлан Төрөбаевич - Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунан;
Маматалиева Нуржамал Исмаиловна - Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунан;
Маматов Темирбек Тайырбекович - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;
Орозматов Уланбек Тынчылыкович - Ош облусунун Алай райондук сотунан;
Рыскулова Айжан Рыспековна - Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунан;
Сагынбекова Дамира Эсенбековна - Чүй облусунун Москва райондук сотунан;
Туленбаев Таирбек Абдумаликович - Баткен облусунун административдик сотунан;
Туманбаев Уланбек Бейшеналиевич - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;
- Октябрь райондук сотуна:
Арзиев Марс Мусаевич - Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунан;
Барыктабасова Эльмира Бектургановна - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунан;
Касымбеков Кубанычбек Калыбекович - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунан;
Осмонов Феликс Ой-Талбекович - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунан;
Сарыбаев Бакыт Абдылдаевич - Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунан;
Токтосунов Надырбек Ташмурзаевич - Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунан;
Шаматов Улан Шайлообекович - Ош облусунун Өзгөн райондук сотунан;
- Биринчи май райондук сотуна:
Абсатарова Гулзат Абсатаровна - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;
Акматов Абдималик Алиевич - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;
Апысова Аида Айдаралиевна - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунан;
Баймуратов Нурлан Рахматилдаевич - Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунан;
Джандралиева Надира Джекшеновна - Чүй облусунун Жайыл райондук сотунан;
Керимкулов Илияс Саматбекович - Чүй облусунун Сокулук райондук сотунан;
Таджибаева Тахмина Саматкановна - Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунан;
Тажибаев Илязбек Курванбекович - Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунан;
Турдукулов Тилек Ураимжанович - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;
Шерматов Миран Бакытбекович - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунан;
- Свердлов райондук сотуна:
Адимов Акылбек Акматбекович - Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунан;
Акматова Мээрим Маматкадыровна - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунан;
Астаркулов Данияр Шаршенбекович - Чүй облусунун Токмок шаардык сотунан;
Батырбеков Жаналы Мамытович - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;
Мусуралиева Аида Султангазиевна - Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунан;
Осмонова Шааркул Келдибековна - Чүй облусунун административдик сотунан;
Эгембердиева Анар Раимжановна - Бишкек шаарынын административдик сотунан;
Эшалиев Азис Маратович - Бишкек шаарынын административдик сотунан.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу финансылык маселелерди чечсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |