Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2022-жылдын 30-апрели ПЖ №138
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө
Кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 4-пункттарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунушу боюнча токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым иштеп жаткан судьялары Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган калган мөөнөткө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу үчүн Ысык-Көл облусунун төмөнкү жергиликтүү сотторуна которулсун:
- Ысык-Көл облустук соту:
Абдраимов Азамат Жармаматович - Жалал-Абад облустук сотунан;
Абдыбеков Алдаярбек - Нарын облустук сотунан;
Аданбаев Зарипбек Максутович - Баткен облустук сотунан;
Жобонов Койчубек Касымович - Ош облустук сотунан;
Закиров Самирбек Жанышевич - Ош облустук сотунан;
Калыков Бакыт Усенканович - Жалал-Абад облустук сотунан;
Чериков Нурлан Кийикбаевич - Бишкек шаардык сотунан;
- Ак-Суу райондук соту:
Мойдунов Абдисалам Абылкасымович - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;
Токтосунов Тилек Калыкович - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;
- Ысык-Көл облусунун административдик соту:
Барынбаев Жеңишбек Базармаматович - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;
Мамадалыев Асылбек Райимбердиевич - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунан;
- Балыкчы шаардык соту:
Кожомкулов Алайбек Рамазанович - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;
Турдумамбетова Индира Таштанбековна - Баткен облусунун Баткен райондук сотунан;
- Жети-Өгүз райондук соту:
Бекташов Нурпаис Абилатович - Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотунан;
Максатбеков Султан Максатбекович - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;
- Ысык-Көл райондук соту:
Батыралиев Кайрат Абдуллаевич - Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунан;
Бекчалов Кенешбек Нуржалилович - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад райондук сотунан;
Дыйканов Нургазы Пиримбердиевич - Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунан;
Жантороева Элнура Мурадиловна - Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунан;
Насирова Ташкан Жумабаевна - Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунан;
- Каракол шаардык соту:
Абдираев Азамат Парпиевич - Ош облусунун Ноокат райондук сотунан;
Туманова Венера Сүйүнбаевна - Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунан;
Эргешова Элиза Исаковна - Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунан;
- Тоң райондук соту:
Каримбеков Ниматилла Исмаилович - Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунан;
- Түп райондук соту:
Гуламидин уулу Элчибек - Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунан;
Салиев Канатбек Камчыбекович - Баткен облусунун Лейлек райондук сотунан;
Шарипбай уулу Керимбек - Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук сотунан.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу финансылык маселелерди чечсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
С.Н. Жапаров |