Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2022-жылдын 30-апрели ПЖ №140
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө
Кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 4-пункттарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунушу боюнча токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым иштеп жаткан судьялары Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган калган мөөнөткө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу үчүн Талас облусунун төмөнкү жергиликтүү сотторуна которулсун:
- Талас облустук сотуна:
Абдылдаев Алмазбек Жолдошбекович - Ош облустук сотунан;
Абылакимов Абдимиталип Абдибалиевич - Баткен облустук сотунан;
Акбаров Шакирали Айтбаевич - Жалал-Абад облустук сотунан;
Ботоев Ильяс Кулубаевич - Жалал-Абад облустук сотунан;
Кыдырбаев Жаркынбек Садирбекович - Ош облустук сотунан;
Мадмарова Эльнара Абдувалиевна - Ош облустук сотунан;
Майлубашов Нурбек Рысбаевич - Ош облустук сотунан;
Пазылов Мамасаит Мамытович - Баткен облустук сотунан;
- Талас облусунун административдик сотуна:
Багишев Данияр Мансурович - Жалал-Абад облусунун административдик сотунан;
Эргешов Сулайман Кадырбекович - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунан;
- Бакай-Ата райондук сотуна:
Абдимиталипов Эльярбек Бахадирович - Баткен облусунун Лейлек райондук сотунан;
Матисаков Кадырбек Монокбаевич - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;
- Кара-Буура райондук сотуна:
Бапанова Гулмира Шериевна - Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунан;
- Манас райондук сотуна:
Жолдошалиев Расул Абдыракманович - Баткен облусунун Баткен райондук сотунан;
Садыков Алтынбек Кадырбаевич - Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотунан;
- Талас шаардык сотуна:
Мамашов Алмаз Абдибалиевич - Ош облусунун Өзгөн райондук сотунан;
Мамбетова Чинара Сталбековна - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотунан;
Турсункулов Муктарбек Ыманкулович - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;
- Талас райондук сотуна:
Ганиев Жоомарт Махамадисакович - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунан;
Жаназаков Бакытбек Маасыдыкович - Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунан.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу финансылык маселелерди чечсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
С.Н. Жапаров |