Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 28-ноябрындагы ПЖ № 322 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2022-жылдын 11-майы ПЖ №147
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду башкаруу системасын реформалоо маселелери жөнүндө
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду натыйжалуу башкаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) "Аманат" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун (мындан ары - "Аманат" улуттук холдинг компаниясы" ААК) түзсүн;
2) "Аманат" улуттук холдинг компаниясы" ААКтын уставдык капиталына берилүүгө тийиш мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун тизмесин даярдасын;
3) ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын.
2. "Аманат" улуттук холдинг компаниясы" ААКтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
1) мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун камсыздоо;
2) мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун акционердик наркын жогорулатуу жана туруктуу өстүрүү;
3) корпоративдик башкарууну киргизүү жана портфелдик компанияларды капиталдын эл аралык рынокторуна чыгаруу;
4) мамлекеттик программаларды жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу экономиканын айрым тармактарын өнүктүрүү.
3. "Аманат" улуттук холдинг компаниясы" ААКтын ишинин төмөнкүдөй принциптери белгиленсин:
1) "Аманат" улуттук холдинг компаниясы" ААКтын башкаруу органдарына жана анын портфелдик компанияларына кадрларды тандоо жана көрсөтүү системасынын ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу;
2) "Аманат" улуттук холдинг компаниясы" ААКтын жана анын портфелдик компанияларынын директорлор кеңештеринде көз карандысыз директорлордун болушу;
3) конкреттүү финансылык же тармактык максаттуу көрсөткүчтөргө (коммерциялык жана коммерциялык эмес көрсөткүчтөргө) багытталган менеджерлерди сыйлоонун жана алардын жоопкерчилигинин системасын киргизүү;
4) отчеттуулук, туруктуу аудит, финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды ачуу.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
С.Н. Жапаров |