Документке
Мурунку31.10.2024

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 18-майы ПЖ № 155

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө

(КР Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 63, 2024-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 311 Жарлыктарынын

редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишин регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүдөй чектик штаттык сан белгиленсин:

- 143 бирдик санында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын;

- 2394 бирдик санында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын.

(КР Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 63 , 2024-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 311 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-майындагы № 186 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

С.Н. Жапаров

Жаңы28.04.2025

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 18-майы ПЖ № 155

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө

(КР Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 63, 2024-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 311, 2025-жылдын 28-апрелиндеги ПЖ № 139 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишин регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүдөй чектик штаттык сан белгиленсин:

- 143 бирдик санында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын:

2024-жылдын 21-ноябрынан тартып - 3794 бирдик санында;

2024-жылдын 21-декабрынан тартып - 3806 бирдик санында.

(КР Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 63 , 2024-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 311 , 2025-жылдын 28-апрелиндеги ПЖ № 139 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)