Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 18-майы ПЖ № 156
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекцияны башкаруунун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция" мекемеси Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциясы" мамлекеттик ишканасына өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциясы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - мамлекеттик ишкана) "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция" мекемесинин укук мураскери болуп эсептелет деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
- мамлекеттик ишкананын Уставын бекитсин;
- кайра уюштурулган юридикалык жактын өткөрүп берүү актысын бекитсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана мамлекеттик ишкана белгиленген тартипте:
- мамлекеттик ишкананы юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 20-майындагы № 45 (3380) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |