Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 169 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды (мындан ары - кызматчылар) аттестациядан өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
2. Кызматчылар ээлеген кызмат ордуна ылайык келишин, кесиптик даярдыгынын деңгээлин жана карьералык өсүшүнүн келечегин аныктоо максатында аттестациядан өткөрүлөт.
Аттестация кызматчынын кесиптик билимин жана көндүмдөрүн аныктоонун, анын кесиптик өнүгүүсүнө дем берүүнүн, мамлекеттик органда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында анын ишинин натыйжалуулугун аныктоонун формасы болуп саналат.
Кызматчыларды аттестациялоо төмөнкү принциптерде жүргүзүлөт:
- объективдүүлүк;
- бир түрдүүлүк;
- ачыктык;
- мыйзамдуулук;
- туруктуулук.
3. Аттестация туруктуу негизде, бирок эки жылда бир жолудан көп эмес өткөрүлөт.
4. Кезексиз аттестацияны өткөрүүгө жол берилбейт.
5. Аттестация менен мамлекеттик органды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кайра уюштуруу мөөнөтү менен дал келген учурда аттестация кайра уюштуруу жүргүзүлгөндөн кийин өткөрүлөт.
Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин алмашуусу кызматчыларды аттестациядан өткөрүү үчүн негиз болуп саналбайт.
6. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматчыларын тиешелүү түрдө мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аттестациядан өткөрөт.
Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн өзгөчөлүгүн жана штаттык санын эске алуу менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери аймактык жана ведомстволук бөлүмдүн жетекчисине мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймактык же ведомстволук бөлүмүнүн кызматчыларын аттестациядан өткөрүү укугун бере алат. Мындай учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери үчүн ушул Жободо белгиленген функцияларды (ыйгарым укуктарды) жүзөгө ашыра алат.
7. Төмөнкү кызматчылар аттестациядан өткөрүлүүгө тийиш эмес:
1) эгерде өздөрү мындай каалоосун билдирбесе, тиешелүү категориядагы административдик кызмат ордун бир жылдан аз ээлегендер;
2) кош бойлуу аялдар, эгерде алар өздөрү мындай каалоосун билдирбесе;
3) кош бойлуулук жана төрөт боюнча, ошондой эле бала багуу боюнча өргүүдө жүргөндөр;
4) 1 жылдан ашык мөөнөткө окууга жөнөтүлгөндөр.
Ушул пункттун 2-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн кызматчыларды аттестациялоо алар ишке чыккандан кийин бир жылдан эрте эмес жүргүзүлөт.
8. Кызматчыны аттестациялоо төмөнкү компоненттерди камтыйт:
- түздөн-түз жетекчинин баасы (0 баллдан 10 баллга чейин);
- компьютердик тестирлөө (0 ден 10 баллга чейин);
- аңгемелешүү (0 баллдан 10 баллга чейин).
Ушул пунктта белгиленген компоненттердин ар бири 10 баллдык (кошо алганда) шкала боюнча бааланат.
Аттестациянын жыйынтыгы боюнча алына турган максималдуу балл 30 баллды түзөт.
9. Түздөн-түз жетекчинин баалоосунун жана аңгемелешүүсүнүн бланктарынын формалары мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
10. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча кызматчыга төмөнкү баалардын бири берилет:
- ээлеген кызмат ордуна ылайык келет, жогорку кызмат ордуна сунушталат;
- ээлеген кызмат ордуна ылайык келет;
- ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт.
2. Аттестациялык комиссия
11. Аттестацияны уюштуруу жана өткөрүү персоналды башкаруу кызматына, же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамга жана мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аттестациялык комиссиясына (мындан ары - комиссия) жүктөлөт.
12. Комиссиянын сандык жана жеке курамы, анын иш тартиби жана мөөнөтү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
Комиссиянын курамы 9 адамдан ашпоого тийиш.
13. Мамлекеттик органдын комиссиясынын түзүмү жана курамы:
- комиссиянын төрагасы - жетекчинин орун басары (кадрдык ишти тескөөчү), же болбосо мамлекеттик органдын аппаратынын жетекчиси. Эгерде мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарынын (аппараттын жетекчисинин) кызмат орду бош болсо, же болбосо мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (аппараттын жетекчиси) иш сапарда болсо, ден соолугунун абалы боюнча (тиешелүү документтер менен ырасталган) жок болсо, ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилсе же өргүүдө (эмгек, кош бойлуулук жана төрөт боюнча, бала багуу боюнча, эмгек акысы сакталбаган) болсо, комиссиянын төрагасы болуп мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталган комиссиянын мүчөлөрүнүн бири дайындалат;
- комиссиянын катчысы - мамлекеттик органдын персоналды башкаруу кызматынын кызматчысы (же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам);
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү;
- мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
- мамлекеттик органдын этика боюнча комиссиясынын төрагасы;
- персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси (персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам), мамлекеттик органдын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери (зарыл болсо);
- мамлекеттик органдын коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам (эгерде мындай бар болсо);
- жарандык коомдун өкүлү (макулдашуу боюнча).
14. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын комиссиясынын түзүмү жана курамы:
- комиссиянын төрагасы - шаардын мэринин орун басары же мэрдин аппаратынын жетекчиси, шаардык кеңештин аппаратынын жетекчиси (жооптуу катчысы) айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, же болбосо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, айылдык кеңештин жооптуу катчысын аттестациялоодо айылдык кеңештин төрагасы тарабынан аныкталган айылдык кеңештин депутаты (калкынын саны 6001 адамдан ашкан айыл аймактарында). Эгерде жогоруда белгиленген кызмат орундары бош болсо, же болбосо бул кызмат орундарын ээлеген адамдар иш сапарда болсо, ден соолугунун абалы боюнча (тиешелүү документтер менен ырасталган) жок болсо, убактылуу четтетилсе же өргүүдө (эмгек, кош бойлуулук жана төрөт боюнча, бала багуу боюнча, эмгек акысы сакталбаган) болсо, комиссиянын төрагасы болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык кызматчысы - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталуучу комиссиянын мүчөлөрүнүн бири дайындалат;
- комиссиянын катчысы - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматынын кызматчысы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өкүлү (облустук маанидеги шаарларда);
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлү (райондук маанидеги шаарларда жана айылдык аймактарда);
- персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси, же болбосо персоналды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу адам, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башка кызматчылары (зарыл болгондо);
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам;

15. Комиссиянын курамы комиссия кабыл алган чечимдерге таасир этиши мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышы келип чыгуу мүмкүндүгүн жокко чыгаргандай түзүлөт.
Комиссиянын мүчөлөрү аттестациядан жалпы негиздерде өтөт. Комиссиянын мүчөсү болуп саналган кызматчыны аттестациялоо мезгилинде (ушул пункттун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо) анын ага мүчөлүгү токтотулат. Комиссиянын курамында мүчөлүктү токтотуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругу (башка тескөөчү документ) менен таризделет.
Комиссиянын курамы мамлекеттик органдын жетекчисинин (аппараттын жетекчисинин) орун басарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин орун басарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аппаратынын жетекчисин (жооптуу катчысын) аттестациялоодо мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан өзүнчө түзүлөт жана белгиленген адамдарга карата кызматтык же башка көз карандылыкта болбогон адамдардан турууга тийиш.
16. Комиссиянын жыйналышы анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укуктуу деп эсептелет. Комиссиянын катышпаган мүчөлөрүн алмаштырууга жол берилбейт.
17. Комиссиянын чечими анын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгондо төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
18. Комиссиянын мүчөлөрү өзгөчө пикирге укуктуу, аны билдирген учурда жазуу жүзүндө баяндалууга жана комиссиянын жыйналышынын протоколуна тиркелүүгө тийиш.
Өзгөчө пикирде макул эмес болуунун конкреттүү жүйөлөрү алардын негиздемеси менен, ошондой эле сунуш кылынган баяндамалар көрсөтүлөт. Эгерде кароонун жыйынтыгында өзгөчө пикир эске алынбай калса, аны берген комиссиянын мүчөсү "Өзгөчө пикир менен" деген белги коюлган протоколго кол коет.
3. Аттестация өткөрүүнү уюштуруу жана жол-жобосу
19. Аттестация өткөрүү жөнүндө чечим мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругу (башка тескөөчү документ) менен таризделет, аны менен төмөнкүлөр бекитилет:
1) аттестациялоого тийиш болгон кызматчылардын тизмеси;
2) аттестация өткөрүүнүн графиги.
20. Аттестация төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) аттестация өткөрүүгө даярдык;
2) кызматчыларды компьютердик тестирлөө;
3) аттестациялык комиссия тарабынан кызматчы менен өткөрүлгөн аңгемелешүү;
4) аттестациялык комиссиянын чечим чыгаруусу.
21. Даярдоо ишин жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик персоналды башкаруу кызматына же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамга жүктөлөт.
Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматы, же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамы:
- аттестациялоого тийиш болгон кызматчылардын тизмесин жана аттестация өткөрүү графигин түзөт;
- кызматчынын түздөн-түз жетекчисинин анын ишинин натыйжалуулугун баалоосу боюнча материалдарды даярдайт;
- аттестация башталганга чейин кеминде бир ай мурда, ар бир аттестациялануучу кызматчыга аттестация өткөрүү жөнүндө буйрукту кол койдуруп билдирет;
- мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аттестация өткөрүү боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүнө уюштуруу-методикалык жардам көрсөтөт;
- тестирлөөнүн катышуучуларына тестирлөөнү өткөрүүнүн орду, күнү жана убактысы жөнүндө кабарлайт;
- мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тестирлөө өткөрүү үчүн заявка жана комиссиянын жыйналышынын протоколунун көчүрмөсүн жиберет;
- мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тестирлөөнүн катышуучуларына каттоону жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт.
4. Түздөн-түз жетекчинин баасы
22. Түздөн-түз жетекчинин баасы 10 баллдык шкала боюнча коюлат.
23. Түздөн-түз жетекчи кызматчыга төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча баа берет:
- иштин толуктугу жана сапаты;
- уюштуруучулук жөндөмү;
- жоопкерчилик жана аткаруучулук;
- сылыктык жана адептүүлүк (этика);
- эмгекчилдик;
- негизделген чечимдерди өз алдынча жана ыкчам кабыл алуу мүмкүнчүлүгү;
- демилгелүүлүк/креативдүүлүк;
- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөндөмдүүлүгү, коммуникабелдүүлүгү;
- персоналды башкаруу мүмкүнчүлүгү (жетекчилик курам үчүн);
- өзүн-өзү сындоо, каталарын көрө билүү жана аларды моюнга алуу.
24. Ар бир көрсөткүч боюнча 0 баллдан 10 баллга чейин баа коюлат:
Бардык коюлган баллдар суммаланат. Андан ары баллдардын чыккан суммасы көрсөткүчтөрдүн санына бөлүнөт жана орточо баа чыгарылат.
5. Кызматчыларды компьютердик тестирлөө
25. Компьютердик тестирлөөнүн этаптары:
1) мыйзамдарды билүү (жалпы жана предметтик);
2) кызматчынын кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоо (логикалык тест).
Компьютердик тестирлөөдөн өткөндөн кийин кызматчыларга аңгемелешүүгө уруксат берилет.
26. Компьютердик тестирлөө боюнча суроолордун форматы, саны, тесттин тапшырмаларына киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын тизмеси мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Предметтик мыйзамдар боюнча маселелер мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызматка квалификациялык талаптарда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын негизинде түзүлөт жана квалификациялык талаптарда үчтөн кем ченемдик укуктук актылар көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, квалификациялык талаптарда белгиленген үчтөн кем эмес ченемдик укуктук актылардан турууга тийиш.
27. Иш сапарда, өргүүдө (эмгек, кош бойлуулук жана төрөт боюнча, бала багуу боюнча, эмгек акысын сактабастан) жүргөн, ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилген мезгилде, анын же жакын туугандарынын ден соолугунун абалы боюнча (тиешелүү документтер менен ырасталган), форс-мажордук жагдайлар боюнча (мындан ары - жүйөлүү себептер) компьютердик тестирлөө этабына кызматчы келбей калган учурда тестирлөө комиссиянын чечими боюнча башка күнгө жылдырылышы мүмкүн.
Кызматчынын компьютердик тестирлөөгө келбей калышынын жүйөлүү себептери жок болгон учурда ал "ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт" деген баа алды деп эсептелет.
28. Тестирлөөнүн жыйынтыгы протокол менен таризделет жана комиссиянын катчысына берилет.
29. Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча компьютердик тестирлөө боюнча төмөнкү жыйынтыктоочу балл коюлат:
- алардын жалпы санынан 91%дан 100%га чейин балл (кошкондо) алганда - 10 балл;
- алардын жалпы санынан 81%дан 90%га чейин балл (кошкондо) алганда - 9 балл;
- алардын жалпы санынан 71%дан 80%га чейин балл (кошкондо) алганда - 8 балл;
- алардын жалпы санынан 61%дан 70%га чейин балл (кошкондо) алганда - 7 балл;
- алардын жалпы санынан 51%дан 60%га чейин балл (кошкондо) алганда - 6 балл;
- алардын жалпы санынан 41%дан 50%га чейин балл (кошкондо) алганда - 5 балл;
- алардын жалпы санынан 30%дан 40%га чейин балл (кошкондо) алганда - 4 балл;
- алардын жалпы санынан 30%дан аз балл алганда - 0 балл;
30. Аттестацияны өткөрүүдө административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга карата мыйзамдарда белгиленген тартипте полиграфта тестирлөө колдонулат, алар үчүн коррупциялык көрүнүштөргө туруктуулук жана мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген талаптарга жана чектөөлөргө ылайык келүү предметине тестирлөөнүн бул түрү талап кылынат. Полиграфта тестирлөөдөн өтүүнү караштырган кызмат орундарынын тизмеси мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.
Полиграфта тестирлөөнүн жыйынтыгы комиссиянын мүчөлөрүнө берилет.
6. Аңгемелешүү
31. Комиссия берилген документтерди карайт, кызматчынын ал тарабынан аткарылган иш жөнүндө, ал эми зарыл болгон учурда анын түздөн-түз жетекчисинин кызматчынын кызматтык иши жөнүндө маалыматты угат. Комиссия аттестациядан өтүүчү кызматчынын иштиктүү жана жеке сапаттарына калыс баа берүү максатында анын өткөн мезгилдеги кызматтык иши жөнүндө берилген кошумча маалыматтарды карай алат; аттестациядан өтүүчү кызматчы берилген маалыматтар менен макул эместиги жөнүндө билдиргенде, аңгемелешүүнү кийинки кезектеги жыйналышка жылдырууга укуктуу.
Комиссия аттестацияны калыс өткөрүү максатында мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тиешелүү бөлүмдөрүнөн аттестациядан өтүүчү адамдар жөнүндө кошумча маалыматтарды суроого укуктуу.
Аттестациядан өтүүчү адамдын кесиптик жана инсандык сапаттарын талкуулоо анын кызматтык милдеттерине жана ыйгарым укуктарына карата калыс болууга тийиш.
Кызматчы жүйөлүү себептер боюнча комиссиянын жыйналышына келбеген учурда аңгемелешүү комиссиянын чечими боюнча комиссиянын кийинки жыйналышына жылдырылат.
Комиссиянын жыйналышына кызматчынын келбешинин жүйөлүү себептери жок болгондо ал "ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт" деген баа алды деп эсептелет.
32. Аңгемелешүүдө комиссия мүчөлөрү кызматчыларды 10 баллдык шкала боюнча баалайт.
Комиссиянын мүчөлөрүнө кызматчылардын тизмеси бар бланктар берилет, мында комиссиянын мүчөлөрү аттестациядан өтүүчү адамдарга баалайт (0дон 10 баллды кошуп).
Кызматчы аңгемелешүүдө алган баллдары суммаланат жана алынган баллдардын суммасын комиссиянын жыйналышына катышкан комиссия мүчөлөрүнүн санына бөлүү жолу менен орточо мааниси чыгарылат.
Комиссиянын катчысы эсептөөлөрдү жүргүзөт жана аларды комиссиянын кароосуна берет.
7. Аттестациянын жыйынтыгын чыгаруу
33. Аттестациянын бардык компоненттери боюнча кызматчы алган баллдардын суммасынын негизинде ушул Жобонун 8-пунктунда белгиленген аттестациянын бардык компоненттери боюнча анын жыйынтыктарын кошуу жолу менен өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыктоочу баллы аныкталат.
Алынган жыйынтыктоочу баллга ылайык комиссия тарабынан аттестациядан өтүүчү кызматчы боюнча төмөнкүдөй чечим чыгарылат:
- 26дан 30га чейин баллды кошуп алганда "ээлеген кызмат ордуна ылайык келет, кызмат ордунан көтөрүүгө сунушталат" деген баа коюлат;
- 15тен 25ке чейин баллды кошуп алганда "ээлеген кызмат ордуна ылайык келет" деген баа коюлат;
- 15тен аз балл алганда "ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт" деген баа коюлат.
Эгерде кызматчы "ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт" деген баа алса, ал биринчи аттестациянын жыйынтыгы чыгарылган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин кайра аттестациядан өтөт. Эгерде кайталап аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча кызматчы "ээлеген кызматка ылайык келбейт" деген баа алса, ал ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
Комиссиянын чечими кызматчыга ал кабыл алынган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде билдирилет. Кызматчы таанышуудан баш тарткан учурда персоналды башкаруу кызматы, же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан тиешелүү акт түзүлөт.
34. Кызматчыны аттестациялоонун жыйынтыгы жана аттестациялоо боюнча башка маалыматтар кызматчынын өздүк ишинде сакталат.
35. Кызматчыларды аттестациялоонун материалдары мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине аттестация аяктагандан кийин 14 жумуш күндөн кечиктирбестен берилет.
Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси 14 жумуш күндүн ичинде аттестациянын жыйынтыктарын бекитүү жөнүндө буйрук чыгарат.
36. Аттестациянын жыйынтыгы жөнүндө отчет бекитилген күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча жиберилет.
8. Комиссиянын чечимдерине даттануу
37. Аттестациянын жыйынтыгы менен макул болбогон учурда кызматчы таанышкандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине жазуу жүзүндө негизделген каршы пикири менен кайрылууга укуктуу.
Эгерде кызматчы мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин чечими менен макул болбосо, ал аттестациянын жыйынтыгын сот тартибинде даттанууга укуктуу.
38. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси комиссиянын чечимин жокко чыгарууга жана аттестациялоонун жол-жоболорун бузуу факты болгон учурда кайра аттестациялоону дайындоого укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-майындагы № 175 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ