Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 169 Жарлыгына) |
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында сыноо мөөнөтүн өтүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик жарандык кызматка же муниципалдык кызматка биринчи жолу кирген кызматчынын (мындан ары - кызматчы) сыноо мөөнөтүн өтүүсүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.
2. Кызматчынын кесиптик сапаттарын текшерүү үчүн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси ээлеген кызмат орду боюнча эмгек акы төлөө менен аны кызмат ордуна 3 айлык сыноо мөөнөтү менен милдеттүү тартипте дайындайт.
Ушул Жободо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси катары кызматчыларды кызматка дайындоого жана бошотууга укугу бар ыйгарым укуктуу кызмат адамы түшүнүлөт.
3. Сыноо мөөнөтүн өтүү мезгилинде жана ээлеген кызмат ордуна ылайык келиши жөнүндө чечим чыкканга чейин кызматчыга "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонулат.
4. Сыноо мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгили жана кызматчы жөндүү себептер боюнча жумушта болбогон башка мезгил киргизилбейт.
2. Сыноо мөөнөтүн өтүү
5. Түздөн-түз жетекчи кызматчы менен биргеликте милдеттерди аныктайт жана кызматчынын кызматтык милдеттеринин алкагында сыноо мезгилине жеке иш планын түзөт.
6. Сыноо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде кызматчы түздөн-түз жетекчиге сыноо мөөнөтүнүн мезгилинде иш планынын аткарылышы жөнүндө отчет берет.
Кызматчынын иш планынын аткарылышы жөнүндө отчету кызматчынын жеке иш планында белгиленбеген башка тапшырмаларды аткаруунун натыйжаларын камтышы мүмкүн.
7. Түздөн-түз жетекчи отчетту алган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде кызматчынын иш планынын жетишилген натыйжаларына ылайык келишин текшерет жана анын жыйынтыгын жана сыноо мөөнөтүнүн мезгилиндеги кызматчынын ишин 10 баллдык шкала боюнча баалайт.
8. Түздөн-түз жетекчи кызматчыга кол койдуруу менен сыноо мөөнөтүнүн жыйынтыгын тааныштырууга тийиш.
Сыноо мөөнөтүнүн жыйынтыгы боюнча баалоого макул болбогон учурда кызматчы таанышкандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине жазуу жүзүндө негизделген каршы пикир менен кайрылууга укуктуу.
9. Пландын бланкынын жана сыноо мөөнөтүнүн жыйынтыгы боюнча баа менен иш планынын аткарылышы жөнүндө отчеттун формалары мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
10. Сыноо мөөнөтүнүн жыйынтыгы боюнча түздөн-түз жетекчи мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине иш планды, иш пландын аткарылышы жөнүндө отчетту түздөн-түз жетекчинин баасы менен жиберет.
3. Аңгемелешүү жана шайкештик жөнүндө чечим кабыл алуу
11. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси материалдарды алган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен кызматчы менен аңгемелешүү өткөрөт, анын негизинде анын ээлеген кызмат ордуна ылайык келиши же ээлеген кызмат ордуна ылайык келбеши жөнүндө чечим кабыл алат.
Зарыл болгон учурда, кызматчынын түздөн-түз жетекчисинин катышуусунда жана түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам менен аңгемелешүү жүргүзүлүшү мүмкүн. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө кызматчынын кесиптик жана инсандык сапаттары, ошондой эле кызматчынын ээлеген кызмат ордуна ылайык келиши аныкталат.
12. Түзүмдүк бөлүм же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам аңгемелешүүнүн убактысы жана күнү жөнүндө кызматчыга жана анын түздөн-түз жетекчисине аңгемелешүү өткөрүүгө чейин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен маалымдайт.
13. Сыноо мөөнөтүнүн жыйынтыгы боюнча чечим мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругу (башка тескөөчү документ) менен таризделет.
14. Кызматчынын кызмат ордуна ылайык келиши жөнүндө чечим кабыл алууда аны кайра дайындоо жөнүндө буйрук талап кылынбайт.
15. Эгерде аңгемелешүүнүн жыйынтыгы канааттандырарлык эмес деп табылса, анда кызматчы тиешелүү буйрук же башка тескөөчү документ чыгаруу менен аңгемелешүү өткөрүлгөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде ээлеген кызмат ордунан бошотулууга тийиш.