Редакцияот 31.05.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 31-майы ПЖ № 171

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары тарабынан этиканын ченемдерин сактоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров