Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 16-июну ПЖ № 195
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө
Кыргызстанда спорттук күрөштү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана 17 жашка чейинки (U 17) жана 23 жашка чейинки (U 23) катышуучулар арасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасындагы Азия чемпионатын уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн
сыйлансын:
"Даңк" медалы менен
Турлыханов Даулет | - Азия-Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (United World Wrestling-Asia) президенти; |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен
Лалович Ненад | - Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (United World Wrestling) президенти. |
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |