Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 6-июну ПЖ № 175
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө
XXIV жайкы Сурдлимпиада оюндарында ийгиликке жетишкендиги, Кыргыз Республикасынын Сурдлимпиада боюнча улуттук курама командасынын спортчуларын тарбиялоого кошкон олуттуу салымы үчүн:
"Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы ыйгарылсын
| ||
Ушуров Фархад Аблимижитовичке |
| - Бишкек шаарынын Свердлов районунун Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучусу;
|
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын
| ||
Акопян Арам Яникович |
| - Бишкек шаарынын Свердлов районунун Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу. |
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 10-июнундагы № 51 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |