Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 30-июну ПЖ № 211
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесине ылайык токтом кылам:
1. 2020-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы төмөнкүлөргө ыйгарылсын:
Усубалиев Таалайбек Сыдымановичке, сүрөтчү - медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын COVID-19 пандемиясы менен күрөшү, ошондой эле коронавирустун курмандыктары жөнүндө картиналардын сериясы үчүн;
"Саманчынын жолу" спектакли үчүн Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын төмөнкү автордук жамаатына:
- Сыдыгалиева Анарага, актриса - Толгонайдын ролун аткаргандыгы үчүн;
- Жанжигитов Данияр Тыныбековичке, актер - Майсалбектин ролун аткаргандыгы үчүн;
- Конушбаев Алымгазыга, сүрөтчү-сценограф - оюндун сценографиясы үчүн.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |