Сравнение редакций…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 15-июлундагы №277
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН
ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун
2005-жылдын 2-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
ишин финансылык, материалдык-техникалык жана башкача камсыз
кылууну оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү
киргизүү тууралу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин материалдык-техникалык жана
финансылык жактан камсыз кылуу маселесин жөнгө салган Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомун эске алуу менен токтом
кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун
2005-жылдын 2-июнундагы №209 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
ишин финансылык, материалдык-техникалык жана башка камсыз кылууну
оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлыктын 3-пунктунун экинчи абзацындагы
"аппаратына" деген сөз "Иш башкармасына – материалдык-техникалык жана
финансылык камсыз кылуу Кызматына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын
Президентинин Иш башкармасы өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык
келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине
жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев