Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-ноябры № 9
Жоопкерчилиги чектелген “Фулл Голд Майнинг” коомуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлиги жана эл менен эриш аркак мыйзам чегинде жумуш жүргүзүү, бүгүнкү күндө жасап жаткан жумуштарынын элге зыянсыз экенин тунук так убагында элге жеткирүү, ошондой эле эл арасында чечилбей келе жаткан кээ бир чарбалык жумуштарга өзүнүн мүмкүндүктөрүнүн алкагында салымдарын кошуп туруу максатында, өзүндө атайын бөлүм ачып ошол бөлүмгө кызматкер катары татыктуу атуулду тандап алуу жөнүндө
Жоопкерчилиги чектелген “Фулл Голд Майнинг” коомунун президенти Ли Яохуейдин 2018-жылдын 7-ноябрындагы №811 катын карап чыгып жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоопкерчилиги чектелген “Фулл Голд Майнинг” коомуна кызматкер катары Саттаров Адхамжан Тешебаевичтин талапкерлиги жактырылсын.
2. Жогорудагы аталган талапкер Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |