Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-ноябры № 11
Жергиликтүү бюджеттен Достук айылындагы Р.Токтониязов көчөсүнө асфальт төшөө максатында акча каражатын бөлүү жөнүндө
Достук айылынын Новои жамаат уюумуна караштуу Р.Токтониязов көчөсүн ондоп түзөө жана асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп беруу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Дооранбек уулу Мунарбектин маалыматтын угуп жана талкуулап маалыматтардын жыйынтыгы менен депутаттардын Ала-Бука айыл Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектег 8- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айылынын Новои жамаат уюумуна караштуу Р.Токтониязов көчөсүн ондоп түзөө жана асфальт төшөө үчүн республикалык бюджеттин үлүштүк (демберүүчү) грантынын эсебинен 4 563 707 (төрт миллион беш жүз алтымыш үч миң жети жүз жети) сомдук долбоорго ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин эсебинен 1 563 707 (бир миллион беш жүз алтымыш үч миң жети жүз жети) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 563 707 (бир миллион беш жүз алтымыш үч миң жети жүз жети) сом акча каражатын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Дооранбек уулу Мунарбекке милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү Кенештин бюджет, экономика жана финансы туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |