Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-ноябры № 12
Жергиликтуу бюджеттен Ала-Бука айылынын Ч.Асанов көчөсунө асфальт төшөө максатында акча каражатын бөлүү жөнүндө
Ала-Бука айылынын Ынтымак жамаат уюумуна караштуу Ч.Асанов көчөсүн ондоп түзөө жана асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп беруу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Дооранбек уулу Мунарбектин маалыматтын угуп жана талкуулап маалыматтардын жыйынтыгы менен депутаттардын Ала-Бука айыл Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылынын Ч.Асанов жамаат уюумуна караштуу Ч.Асанов көчөсүн ондоп түзөө жана асфальт төшөө үчүн республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) грантынын эсебинен 5 914 902 (беш миллион тогуз жүз он төрт миң тогуз жүз эки) сомдук долбоорго ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин эсебинен 2 914 902 (эки миллион тогуз жүз он төрт миң тогуз жүз эки) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 914 902 (эки миллион тогуз жүз он төрт миң тогуз жүз эки) сом акча каражатын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Дооранбек у.М. милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөнү жергиликтүү Кенештин бюджет, экономика жана финансы түрүктүү комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |