Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 1
“Сарча” суу пайдалануучулар ассоциациясына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Иманбековдун “Сарча” СПАсына Ала-Бука айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун 70,9 га жер үстүнө келген мамлекеттик карызын “Сарча” СПАсына төлөп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сарча” СПАсына мамлекеттик фондунун 70,9 га жерге болгон 148840 (бир жүз кырк сегиз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Код №70111 аппараттын 3111 беренесинен 148840 сом кыскартылсын.
Код №70111 аппарттын 2215 беренесине 148840 сом кошуп берилсин.
2. Ажыратылган акча каражатын которуу жагы ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы М.Дооранбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |