Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 2
“Ала-Бука Техкызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Сатыбалдиевдин кызмат орунун кароо жөнүндө
Ала-Бука айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 22-ноябрында №8/5 Токтому менен түзүлгөн “Ала-Бука Тезкызмат” муниципалдык ишканасынын ишмердигин текшерүү боюнча убактылуу түзүлгөн комиссиясынын 2018-жылдын 5-декабрындагы текшерүүнүн негизинде чыгарылган корутундусун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз 9- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ала-Бука Техкызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Сатыбалдиев жана эсепчиси Т.Хамракуловду ээлеген кызмат ордунан четтетүү жана корутундунун көчүрмөсүн жана ага тиркелген материалдар боюнча юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дооранбек уулуна милдеттендирилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынеын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Саттаровго, айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына, айылдык Кеңештин боюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |