Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 3
Ала-Бука айыл аймагынын Сапалак айылына 1 (бир) трансформатор чордонун (КТП) куруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Ала-Бука айылдык Кеңешинин депутаты А.Рысматовдун сунушун угуп жана талкуулап Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз 9- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагынын Сапалак айылына 1 (бир) трансформатор чордонун (КТП) куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнсүн.
2. Ажыратылган акча каражатын которуу жагы ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы М.Дооранбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |