Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 4
Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука, Достук жана Сары-Талаа айылдарында жаңы жылдык майрамды өткөрүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жылда өткөрүлүүчү жаңы жылдык майрамды өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Дооранбек уулу Мунарбектин сунушун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылда өткөрүлүүчү жаңы жылдык майрамды өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 251700 (эки жүз элүү бир миң жети жүз) сом акча каражаты бөлүнсүн.
Код №70111 аппараттын 3111 беренесинен 251700 сом кыскартылсын.
Код №70111 аппарттын 2215 беренесине 251700 сом кошуп берилсин.
2. Ажыратылган акча каражатын которуу жагы ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |