Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 5
Ала-Бука айыл аймагынын “Ак-Чыбыр” тилкесиндеги кароосуз калган жерди тегиздеп сүрүү жөнүндө
Ала-Бука айылдык Кеңешинин депутаты А.Стамовдун Ала-Бука айылындагы Курманжан-Датка көчөсүнүн түштүк тарабындагы “Ак-Чыбыр” тилкесиндеги таштандылар ташталып, кароосуз калган жер тилкесин тегиздеп сүрүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз 9- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогоруда аталган “Ак-Чыбыр” жер тилкесин өздөштүрүү, тегиздөө, шагал, топурак төгүү , инженердик куруучулук иштери жүргүзүлсүн.
2. Өздөштүрүлгөн жер муниципалдык мүлккө алынсын.
3. Муниципалдык жерге тиешелүү иш-кагаздары даярдалып, мамлекеттик акт алынсын.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дооранбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |