Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 6
Ала-Бука айыл аймагынын жайыт комитетине техникаларды сатып алуу жөнүндө
Жайыт комитетинин төрагасы М.Кочкоралиевдин жайыттарды өнүктүрүү боюнча “ПЭЖЭР-2” долбоорун ишке ашыруу максатында жайыт комитетине техникаларды сатып алуу жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз 9 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетине техника сатып алуу үчүн 3112 беренесине жетпеген 1,065,000 (бир миллион алтымыш беш миң) сом акча каражатын төмөнкү беренелерден кыскартып алынсын
Код №70111 аппараттын 3111 беренесинен 665000 сом кыскартылсын.
Код №70111 аппараттын 2222 беренесинен 400000 сом кыскартылсын.
Код №70111 аппарттын 3112 беренесине 1065000 сом кошуп берилсин.
2. Ажыратылган акча каражатын которуу жагы ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дооранбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |