Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 7
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бузуулар” жөнүндө кодексинин 313-беренесин, кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Жазык” кодексин, кыргыз Республикасынын “Жоруктар” жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жазык-процесстик” кодексин, “Пробация” жөнүндө, Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезексиз 9- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия боюнча комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
Нурматов Кадырбай -комиссиянын төрагасы;
Мүчөлөрү:
Рысматов Акылбек -айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Максымбеков Абдыкерим -айылдык Кеңештин депутаты
Мамырбеков Аман -айылдык Кеңештин депутаты
Максымбеков Алманбет-айылдык Кеңештин депутаты
Токтобаев Марат - айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
Ажибеков Абдихаким-айыл өкмөтүнүн курулуш адисинин м.а.
2. Комиссия курамын толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилет.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Саттаровго жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |