Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 1
Ала-Бука айыл аймагынын “Ала-Бука Водоканал” муниципалдык ишканасынын калкты ичүүчү сууга болгон тарифтерин бекитүү жөнүндө
“Ала-Бука Водоканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Кулчиновдун калкты ичүүчү сууга болгон тарифтерин бекитүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз 10 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ала-Бука Водоканал” муниципалдык ишканасынын калкты ичүүчү сууга болгон тарифтери төмөнкү таблицага ылайык бекитилсин.
№ | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Өлчөө бирдик | Тариф | Эскертүү |
1 | Ичүүчү таза суу | сом/ м3 | 5,46 |
|
| анын ичинен: |
|
|
|
1.1 | Көчөгө коюлган колонка | сом/ м3 | 5,40 |
|
1.2 | Короонун ичиндеги колонка | сом/ м3 | 5,40 |
|
1.3 | Короонун ичиндеги баня | сом/ м3 | 5,40 |
|
1.4 | Көп кабаттуу үйлөр | сом/ м3 | 5,40 |
|
1.5 | Огород жана бакты суугаруу | сом/ м3 | 5,40 |
|
1.6 | Бюджеттик мекемелер | сом/ м3 | 7,00 |
|
1.7 | Коммерциялык ишканалар | сом/ м3 | 8,00 |
|
1.8 | Таза сууга кошулуу, калк | сом/ м3 | 2500 |
|
1.9 | Таза сууга кошулуу, мекемелер | сом/ м3 | 3500 |
|
2. Бекитилген тарифтерге ылайык акча каражатын чогултуу ишкананын жетекчиси Б.Кулчиновго милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дооранбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |