Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 2
Ала-Бука айыл аймагынын айылдарындагы гөрүстөндөрдүн аянтын кеңейтүү жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагынын айылдарындагы гөрүстөндөрдүн аянттарын архитектуралык талапка ылайык элдин 30-40 жылдык өсүү темпин эске алып, Ала-Бука, Достук, Сары-Талаа жана Сапалак айылдарынын гөрүстөндөрүнүн аянттарын кеңейтүү жана башка дин өкүлдөрүнө гөрүстөн үчүн жер тилкесин ажыратуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Иманбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин 1-пунктунун негизинде, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезексиз 10- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагындагы гөрүстөндөрдүн аянттарын кеңейтүүгө жана башка жерден (жайыт) жер тилкелерин ажыратууга макулдук берилсин.
2. Ажыратылган жер аянттарынын тийиштүү иш кагаздары даярдалып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө транцформациялоого жөнөтүлсүн.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин агрардык маселелер, СПА, суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |