Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 3
Ала-Бука айыл аймагынын жайыт комитетине жуут жана мал суу ичүүчү аштоолорду куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Ала-Бука айыл өкмөтүнө караштуу Ала-Бука жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруу органы жайыт комитети 2019-жыл ичинде “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоору тарабынан каржыланып жаткан Чыткоол жайыт участкасына кой-эчкилерди жуучу жуут жана мал суу ичүүчү аштоолорду куруу үчүн 0,40 га жер тилкесин ажыратып берүү боюнча Ала-Бука жайыт комитетинин төрагасы М.Кочкоралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезексиз 10- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагындагы Чыткоол жайыт участкасынан кой-эчкилерди жуучу жуут жана мал суу ичүүчү аштоолорду куруу үчүн 0,40 га жер тилкесин бөлүнүп берилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин агрардык маселелер, СПА, суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |