Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 4
Ала-Бука айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун негизинде сатып алынып келинген техникалардын элге кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун негизинде сатып алынып келинген техникалардын элге кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү боюнча Ала-Бука жайыт комитетинин төрагасы М.Кочкоралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезексиз 10- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун негизинде сатып алынып келинген техникалардын элге кызмат көрсөтүү тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бекитилген тарифтерге ылайык акча каражатын чогултуу жайыт комитетинин төагасы М.Кочкоралиевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дооранбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |