Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 6
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бузуулар” жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Жазык” кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жоруктар” жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жазык-процесстик” кодексин, “Пробация” жөнүндө, Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезексиз 10- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин
2. Типтүү жобого ылайык Ала-Бука айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Токтобаев Марат- айыл өкмөт башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы;
Умаров Адыл- айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Асилбеков Болот- айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы;
Ажибеков Абдиаким- айыл өкмөтүнүн курулуш адиси, комиссия мүчөсү;
Стамалиев Элмирбек- “Ала-Бука Тазалык” муниципалдык ишканасынынжетекчиси, комиссия мүчөсү;
Кулчинов Бектур- “Ала-Бука Водоканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси, комиссия мүчөсү;
Таиров Абдималик- Ала-Бука айылынын башчысы, комиссия мүчөсү;
Жылкычыев Улан- райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, комиссия мүчөсү;
Алишев Ш- райондук ички иштер бөлүмүнөн, комиссия мүчөсү;
Иванова Лена- жарандык коомдун өкүлү, комиссия мүчөсү;
Жумабаев.С.К.- райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык бөлүмдүн башчысы, комиссия мүчөсү;
3. Комиссия курамына мыйзам чегинде иш алып баруу жагы тапшырылсын.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Саттаровго жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |