Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы № 1
Ала-Бука айылдык Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28-сентябрында, Ала-Бука айылынын С.Ибраимов көчөсүнө 5 тоннадан ашык жүк жүктөлгөн автоунаалардын жана М.Мамырбеков көчөсүнө 15 тоннадан ашык жүк жүктөлгөн автоунаалардын кыймылына тыюу салуу боюнча №7/2 токтомун жокко чыгаруу максатында Ала-Бука райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 17-декабрындагы № 11/1-5-18 сандуу каршылык билдирүүсү жөнүндө
Ала-Бука райондук прокуратурасынын каршылык билдирүүсү боюнча, Ала-Бука районунун прокурорунун улук жардамчысы Н.Бедияровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 2019-жылдагы 1- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамынын 7, 18, 22-беренелери боюнча түшүндүрмө берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер агенттигине кат жиберүү айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамынын 7, 18, 22-беренелери боюнча түшүндүрмө берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер агенттигине жиберилген каттардын жообу келгенче Ала-Бука райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 17-декабрындагы № 11/1-5-18 сандуу каршылык билдирүүсү ачык калтырылсын.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Саттаровго, айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |