Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы № 2
Ала-Бука райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчилигин жоопкерчилигин кароо жөнүндө
Ала-Бука райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 17-декабрындагы № 11/1-5-18 сандуу каршылык билдирүүсү боюнча чакырылган Ала-Бука райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн эч ким келбегендиктен жана мурунку сессияларга чакырылып бирок келбей жаткандыгына байланыштуу, айылдык Кеңештин депутаты А.Стамовдун сунушунун негизинде, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 2019-жылдагы 1- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо максатында аталган тармактагы жогору турган органдарга кат жиберүү айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Саттаровго, айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |