Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы № 3
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн иш планын жана жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дооранбек уулу жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевдин сунуштаган Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 2019-жылга иш пландын жана жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасынын долбоорлору менен таанышып жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 2019-жылдагы 1- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн иш план №1 тиркемеге ылайык бекитилсин (№1 тиркеме тиркелет).
2. Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин (№2 тиркеме тиркелет).
3. Бекитилген жергиликтүү бюджеттин иш планы жана жергиликтүү бюджеттин киреше, чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дооранбек уулуна жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |