АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2019-жылдын 18-январы № 5
Кошумча тизмедеги муниципалдык кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, 2012-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №603 токтому менен бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын иштеп чыгуу боюнча нускамасын жетекчилике алуу менен, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги 2019-жылдагы I- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кошумча тизмедеги муниципалдык кызматтардын стандарттары бекитилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |