Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-январы № 1/2
Ак-Сай жайлоосундагы жайыт жер аянтын пайдаланууга берүү жөнүндө
Ак-Кудук айыл аймагына тиешелъъ Ак-Сай жайлоосундагы 11803га жайыт жер аянтын пайдалануу максатында Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кенешинин I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кудук айыл аймагындагы малдын саны өсүп, жайыт жер жетишсиз болгондугуна байланыштуу элдин макулдугу менен Ак-Кудук айыл аймагына тиешелүү Ак-Сай жайлоосундагы 11803га жайыт жер аянты Ак-Кудук айыл аймагына жайытка пайдаланууга берилсин.
2. Ак-Сай жайлоосундагы 11803 га жер аянтынын салыгын төлөп берүү жагы Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскелдиевге милдеттендирилсин.
3. Ак-Кудук айыл аймагындагы чабандар менен келишим түзүп, жайлоого жайгаштыруу ЖПБнын төрагасы Сарайбек уулу Элмураска милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө алам.
Төрага | З. Алдакеев |