Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-январы № 1/4
Ак-Кудук айыл аймагынын “Айылды инвестициялоо 3 долбоору” Ак-Кудук айыл аймагындагы демилгелүү топтор аныктап чыккан көйгөйлөрдү аныктап берүү жөнүндө
“Айылды инвестициялоо 3 долбоору” Ак-Кудук айыл аймагындагы демилгелүү топтор аныктап чыгып, элдик жыйналышта көпчүлүк аркылуу жактырылып, артыкчылыктуу деп табылган төмөнкү көйгөйлөр АИД-3 долбоорунун областык конкурстук комиссиясына сунушталсын Ак-Кудук айыл аймагынын Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ири долбоорго Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Кудук айылына 50 (элүү) орундуу бала бакчанын эмеректери жана оюн аянтчасы менен куруу долбоору бекитилсин.
2. Кичи долбоорго Ак-Кудук айыл аймагынын 8-Март айылынын УДТнын имаратын ремонттон өткөрүү долбоору бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскелдиевге милдеттендирилсин.
Төрага | З. Алдакеев |