Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-апрели № 3/2
Тарифтерди бекитүү жөнүндө
Айыл аймагынын айыл чарба жумуштарын ишке ашырууга мал багуу акыларын жана башка чарбалык иштердин кызмат акыларын бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Айыл калкынын жазгы айдап себүү иштерин жүргүзүүгө айылдагы техника жана мал багуучулар менен жалпы жыйналышта түзмө-түз сүйлөшүүнүн негизинде макулдашылган баа боюнча айылчарба жумуштарын ишке ашырууга кызмат акыларын төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин.
№ | Жерди иштетүүнүн түрлөрү | 1га үчүн сом | ГСМ колесной тр үчүн | ГСМ ДТ-75 үчүн |
1 | Жер айдоо аныз жер | 800 |
|
|
2 | Жер айдоо гусеничный трактор | 800 |
| 30 л |
3 | Беде бузуу | 1000 | 20-30 чейин |
|
4 | Аныз бузуу | 800 | 20 л |
|
5 | Тырмоо | 300 | 10 |
|
6 | Себүү | 400 | 10 |
|
7 | Шакаб тартуу | 50 | 2 |
|
8 | Кара сугат | 1000 |
|
|
9 | Беде сугат | 700 |
|
|
10 | Дан сугат | 800 |
|
|
11 | Жер сугат | 800 |
|
|
12 | Чөп чабуу жатка | 1000 |
|
|
13 | Косилка | 700 |
|
|
14 | Чөп тырмоо | 300 | 5 |
|
15 | Чөп тартуу Кытай-Арык | 400 | 10-25 чейин |
|
16 | Тартуу айылдын тереги | 300 | 5-15 чейин |
|
17 | Эгин чабуу | 1700 | 20 |
|
18 | Эгин тартуу Кытай-Арык | 350 | 10-20 чейин |
|
19 | Айылдын тегереги | 300 | 5-15 чейин |
|
20 | Чөп тангактоо | 7 сом 1 шт | 10л май |
|
Мал багуу акылары жана айып пулдары кой-эчки жана бодо мал тууралуу.
Кой-эчки үчүн 35 сом
Бодо мал-250 жана бука – 300 сом менен чечиди
Ал эми жазгы күзгү корук иштери 1-майдан 1-октябрга чейин бекитилди.
Мөөнөтүнөн мурда көчүп келген чабандарга жана мөөнөтүндө көчүп кетпеген чабандардын малдарына ар бир күн үчүн бодо малга – 750 сом кой-эчкиге -35 сомдон айып пул төлөнсүн. Чар жайлоосунда калган чабанга 300 баш кой-эчки жана 2 баш саан уй 2 баш мингич атка уруксаат берилет. Мындан сырткаркы малдар толугу менен ортонку жана сырткы жайлоолорго көчүп кетүүлөрү керек.
Айыл жеринде саан уйларга бадага чыгууга уруксаат берилет, субай уйларга уруксаат берилбейт. Айылдык кенеште бекиген тариф боюнча 1-майдан тарта корук иштери башталганына байлпныштуу камакка түшкөн малдар үчүн төмөндөгүдөй айып пулдары салынат.
Бодо мал үчүн – 100 сом
Кой – эчки-үчүн 20 сом
Эгин бышкан маалда айып пул эки эселенип төлөнсүн
Мураптар үчүн
Ар бир жер аянтынын суу каналдарын толугу менен чаап, тазалаган адам үчүн суусу берилип, 1га үчүн эмгек акысына 100 сомдон алынсын. Биринчи орунда үлүш жерге берилүүсү камсыз кылынсын, алышын чаап тазалабагандарга, арыктарын тазалагандан кийин берилсин.
Сууну сурабай өз билемдик кылып алгандарга күбөлөрдүн катышуусу менен 1500 сом айып пул салынсын.
Айдоо аянттарын сугарууда суу каналдарын ондобостон, жолдорду каптатып, жолдорду бузгандыгы үчүн акт түзулуп 1500 сом айып пул салынсын.
Айып пулду төлөбөгөн атуулдарга тиешелүү органдар аркылуу чаралар көрүлсүн. Айып пул төлөнгүчө суу берилбесин.
Таш булактан айыл ичинде берилүүчү суу 1,2,3,4-күндөрү 8-Март айылына 5,6,7-күндөрү өзгөрүш айылына берилсин.
Курман-Булак суусунун 70% Өзгөрүш айылына ал эми 30 % 8-Март айылына берилсин. 8-Мартка берилген 30% сууну 1,2,3,4 – күндөрү Төрт –Күл, Арал участкасына, 5,6,7- күндөрү айыл ичиндеги огородторго берилсин.
Бул токтомдун аткарылышы айыл башчыларга, жайыт комитетине, кароолчуларга жана мураптарга милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы К.Рыскелдиевге милдеттендирилсин.
Төрага | З. Алдакеев |